Menu

Башындагы төөнү көрбөй… Түшүндүргүсү келген Алмаз Атамбаевге түшүнбөдүк

Бөлүшүү:

Көптөн бери элге чыкпай калган экс-ажо Атамбаев кечээ мурдагыдай эле бир тараптуу актанып, мактанып анан албетте өзүнөн башкаларды шыбаганды да унутпай билдирүү таратыптыр. Ал киши негизинен мамлекет жетектеген мезгилдеги ишмердүүлүгүндөгү өлкөнүн тышкы карыздарынын эбегейсиз өскөндүгүн – менимче түшүндүрүүгө да эмес, жокко чыгарууга аракеттениптир Атамбаевдин пикиринде, өлкөбүз ушул кишинин жетекчилигинде гана унаа жолдор жана байланыш көз карандысыздыгына жетишиптирбиз. Эми биз ушундай зор маанилүү иштерди турмушка ашыруу максатында тыштан алынып жумшалган каражаттар канчалык максаттуу жумшалганына эмес, ошол долбоорлордун аткарылгандыгына жана аткарылып жаткандыгына гана маани беришибиз керек экен.

Ал эми тышкы карыздын өскөндүгүн Атамбаевден башка эч ким туура жол менен эсептегенди билбегендигинен элде ушундай туура эмес “айың кептер” жүргөндүгүн, ал киши өзүнө гана мүнөздүү “көз боёмочулугу” менен керектүүсүн колдонуп, керексизин будамайлап, экономикалык жактан да өтө билимдүү экендигин “далилдептир”. Эми экс-ажобуздун каржы-экономикалык жактан айткандары канчалык сабаттуулугун ушул тармактын адистери талкуулашар…

Бирок, Атамбаев мезгилинде тышкы миллион-миллиарддык карыздар техника-экономикалык негиздери (ТЭО) жок эле долбоорлорго алынып, иш жүргүзүлгөндүгүн,.. Тыштан алынган карыздарга: – 640 доллардан кычкачтар,– 14 000 доллардан жыгач аттар, тартылган электр чубалгыларынын ар бир километрине – 1 000 000дой доллар, курулган жолдордун ар бир километрине – 1 000 000дон 3 000 000 чейин долларлап акча сарпташкандарын – карапайым калкыбыздан баштап илимпоз академиктерибизге чейин коррупция деп эң эле туура түшүнүп тургандыгын Атамбаевдин өзү туура түшүнө албай жаткандыгы кызык.

Билек түрө иштеп, Кыргызстандын Орусияга болгон 240 миллион доллар карызын жойдум дейт да, ошол эле өлкөгө улутташтырылгандан кийин 27 млн долларга бааланган “Залкар банкты” – 3 млн долларга, – болжолдуу 7 млрд долларлык алтыны бар деп айтылып келген “Жерүйдү” – 100 млн долларга, “КыргызГаз” мамлекеттик ишканасын бүкүлү бойдон – 1 долларга сатып жибергени жөнүндө ооз ачпайт.

Чындыгында экс-ажого президенттик ишмердүүлүгү боюнча актанып-мактанууга мынчалык мээнеттенүүнүн деле кажети жок болчу, себеби; ушул эле айткандарын мурда да айтып келген, бирок турмуш чындыгы чыркырап башка далилдер менен турганын түшүнгүсү келбей жатканы бизге да түшүнүксүз…

Жаныбек Атамбеков

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: