Menu

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: Ала –Тоодон Аааламга аттанган көчмөндөр оюну

Бөлүшүү:

Ошентип 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюну да жыйынтыкталды. Эгер  оюнга карата даярдыктарды кошуп эсептесек дээрлик эки айдан ашык уу-дууга баткан касиеттүү Ысык- Көлдүн жээги менен Кырчын жайлоосу бүгүн ээнсирей түшкөн кези.

Эмнегедир мага 3- дүйнөлүк көчмөндөр оюну Манастагы кайсыл бир кылымдарда Каркырада  өткөн  Көкөтөйдүн ашын да элестетип жиберди. Ошол Көкөтөйдүн ашынан бери Кыргыз жергесинде сыртан ушунчалык көп конок келген, учу кыйыры жок дүйнө элине кабары жеткен чоң “той” боло электир.

Эгемен мамлекет болгон 27 жылды кой, деги эле  мен билген тарыхтан тээ канчалаган кылымдардан бери Кыргыз мамлекетин, кыргыз улутун, кыргыз жергесин дүйнө элине даңазалаган мынчалык чоң иш чара өткөнү тууралуу маалыматты окубаптырмын.

Расимий маалыматтарга таянсак дүйнөнүн 80 ден ашык өлкөсүнөн тойдогу оюн- шоокко, спорттук мелдештерге катышуучулар келди. Ал эми турис катары келгендерди кошуп эсептесек 100 дөн ашык өлкөнүн коноктоу келип оюнду көрүп тамшанып кетишти.

Буга чейинки эки жолу өткөн “Дүйнөлүк көчмөндөр оюну” быйылкыгы салыштырмалуу 3-  Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө карата машыгуу, даярдануудай эле болуп калды. Быйылкы өткөн 3- көчмөндөр оюну дүйнө элине канча бир кылымдардын бүктөмүндө калган көчмөн рухий маданиятын, бүгүнкүнүн тили менен айтканда көчмөн цивилизациясын көрсөттү.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Венгиря Республикасынын Премьер- Министри Виктор Орбан, Татарстан Республикасынын Президенти  Рустам Минниханов, Фуджейра Эмиратынын ханзаадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль Шархи сыяктуу улуу даражалуу коноктордун 3- дүйнөлүк көчмөндөр оюнун расимий ачылышына катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков баш болгон мамлекет башчылары менен бирге отурушу оюндун аброюн көкөлөттү.

Мындай  улуу даражалуу коноктордун, мамлекет башчылардын катышуусу “Көчмөн дүйнөнүн өзөгүн түзгөн мамлекеттер Кыргыз мамлекетинин демилгеси менен башталган “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун” таанышты,кабыл алышты” – дегенди түшүндүрөт. Буга далил 4- көчмөндөр оюнун өткөрүү кезегин Түркия Республикасы расимий өткөзүп алды.

Демек “Көчмөндөр оюну” Ала-Тоодон Аааламга сапар тартты. Дүйнө мамлекеттерин кыдырып кетти. Кайрылып кайра качан кезеги келип Ата-Тоо койнунда өтөт муну келечек аныктайт. Сагынып күтө туралы.

Туура аскерге баласын узаткан ата-энече ич күйүп турат. Бирок терең маанилүү акылдуу кадам болду. Эгер “Көчмөндөр оюнун” башка да тээ түбүндө көчмөндөрдөн болушкан, айрым көркөм адабиятчыларыбыздын айтымында кыргыздардан тарашкан мамлекеттерге берилбесе, түбү көчмөндөрдөн чыккан мамлекеттер “Эмки оюнду мен өткөзөм”- деп талашып турбаса өзүнүн чыныгы ордун тапмак эмес. Атак данкына жетмек эмес. Кыргыздар “Биздики”- деп боорго басып өзүбүз өткөсө берсек ашса дагы 2-3 оюн өткөндөн кийин маани-маңызын жоготуп коймок. Чет мамлекеттерди кой өзүбүзгө деле кызыксыз болуп калмак. Ырынан чыры көбөймөк. Ич күйсө да так өз учурунда сапарга аттандырдык. Болгондо да   оюн кандай өтүшү керектигин жеткире ийлеп бышырып туруп көрсөтүп берип жолго салдык.

“Сөз келгенде айтпаса атасы өлөт”- деген кеп бар.  Президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун жолу ачык ажо болгонун айта кетпесек болбостур. Мамлекет башына куттуу- баяндуу эл башы келсе ал мамлекетин өзүнөн өзү иши жүрүшүп ырыскысы арта баштайт. Жараткандан ошондой эле болсо экен деп тилей туралы. Бир эле иши  бийликке келген аз убакыттын ичинде ( Сырткы саясатта мамлекеттер ортосундагы мамлелерди ирээтке келтирүүдө Президентибиз С.Жээнбеков иштеп жаткан 8-9 ай өтө аз убакыт) алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен мурунку бийликтин учурунда  жымсалдап айтканда биртоп сууп калган мамилелерибизди кайра оңдоп, өзгөчө коңшу мамлекеттер менен достук ымалабызды калыбына келтирүүгө жетишти. Жакынкы кошуналарыбыз менен ынтымагыбыз бекемделип, алыш- беришибишибиз улам артып баратат. Өткө 27 жыл ичинде сыртык саясатыбызда коңшулар менен бүгүнкү денгээлдегидей тил табышып, ынтымакка келүү болгон эмес. Жыйынтыгын мен айпасам да бүт элибиз көрдү. Босого аттап келгенди кой салам бербей калгандар тоюбуска келишти. Жөн келбей “кошумчаларын” мол алып келишип минтип колдоого алып отурушат. “Кезектеги 4- оюнду биз өткөзөлү”- деп, дүйнөдөгү саясый абройун айтабызбы, экономикалык  жетишкендигин айтабызбы кайсыл жагынан болсо да “мен”- деген мамлекеттер эсептешип турган, элинин саны 86 миллиондон ашкан, Түркия мамлекети “Көчмөндөр оюнун” өздөрүнө алышы “чоң кошумча” эмей эмине. Бул жагынан түрк туугандарыбыз түбү бир, биртууган эл экенибизди дагы бир жолу көрсөттү.

Европадагы мамлекеттер ичинде өз орду бар Венгирия мамлекетинин Премьер- Министри Виктор Обрайт келип катышып, Кырчындагы этношаарчанын ачылышына чейин барып, “Биздин биртуугандарыбыз силерсиңер, Европада бизди түбү башка улуттар курчап турат. Биз түпкү биртуугандарыбыз менен катышкыбыз келет. Түпкү руханий дүйнөбүздү кайра тапкыбыз келет”- деген маңызда сүйлөшү эмне деген чын дилден чыккан кайрык. Бул сөздүн төркүнүндө түпкү башатка болгон кусалык сагынуу жатканын кантип түшүнбөй коюуга болот.

Көчмөн дүйнөнү баштарынан өткөзгөн тектеш элдердин руханий маданиятын кайра жандандырууга, түрк тилдүү элдердин биримдигин бекемдөөгө, өздөрүн түпкү башатын таануга “Көчмөндөр оюну” башкы  карманар туу болуп жол салат деп ишенимдүү айтсак болот го дейм.

Интернет айдыңына көз салсак оюнга келишкен абройлуу коноктор тарабынан жалаң гана жакшы пикирлер айтылууда. Расимий маалыматтарга караганда дүйнөнүн 60 тан ашык маалымат каражаттары оюнду кеңири чагылдырышканы айтылууда. Кыргызстан “Көчмөндөр оюнуна” кетирген каражаттын экисин төлөп да дүйнөгө өзүн өзү мынчалык жарнама кыла алмак эмес. Муну менен эмне айткым келет. Кыргызстан үчүн туризимдин да жолу ачылды десек болот. Туризим мамлекетти байытуунун чоң булагы болуп турган заманда жашоодобуз. Эгер биз туризим агымын туура пайдалансак, элиталык туризимге айландыра алсак анда “Кумтөр” сыяктуу кендерибизди казып жерибизди бүлдүрбөй эле бай мамлекеттердин катарына кошула алабыз.

Көчмөндөр оюну кайсыл гана мамлекетте өтсө да жана канчалаган жылдардан кийин деле башаты Кыргызстан болгону бекем кагылган мамыдай зынкыйып турганы турган. Көчмөндөр оюну Канадада өткөн күндө да Кыргыздар оюндун көркү болуп катышат. Кыргыздардын көөнө маданияты башка элдерди таң калтыра берет.Кыргыздардын аты чыга берет. Мындан ары ар бир өткөн оюн Кыргыздарды дүйнөгө даңазалаган жарнама боло берет. Жаратканым кут кылсын! Көзү жамандын көзүнөн, сөзү жамандын сөзүнөн сактасын! Бул деген Кыргыздардын кел келинин келгенинин белгиси. Доорлор болгон экен көчмөндөр эң мыкты баатыр, шамдагай жигиттерине “кыргыз”-деген атак наам берген. “Жакшы тилек жарым ырыс”- дегендей балким ошол кутубуздун кайта келүүсүнүн жолу башталгандыр.

Көчмөндөр оюнунун бренди дейбизби, көркү дейдизби, башкы кызыгы дейбизби бул “Көк бөрү” оюну. Кыргыздардын “Көк бөрүчүлөрүнүн” оюну бүгүн дүйнө элинин оозунан түшпөй турган кези. Көчмөн дүйнө бул ат жалында жашоо өткөзгөндөрдүн дүйнөсү. Көчмөндүктү атсыз элестетүү мүмкүн эмес. Кыргызымдын жигиттери “Көк бөрү” оюну менен “Аттын кулагы менен тең ойногондор”- деген сөздүн маанисин дүйнө элине көрсөтүштү. Бир эле Манас Ныязов оюнчубуздун улакты ыргытканда өзү кошо чимирилип барып улак менен кошо тай казанга түшүп, кайра туруп атына минип бастырып кетиши интернетти жарып турган кези. Манас бул трюкка атайын даярданган эмес. Нечен машыгуулардан өткөн каскадер да эмес. Болгону ынгайы келгенде шамдагайлыгын жана ыкчамдыгын көрсөттү. Балким башка улуттар атайын машыгуудан өткөн каскадер окшойт дешип ойлолоп жатышкандыр. Бирок кыргыздар андай эмес экенин түшүнүп турабыз.

Болуп өткөн “Көчмөндөр оюну”  тууралуу айта берсек сөз түгөнбөйт. Кылымдардан кылымдарды карытып бүгүнкү күнгө жетип элибизде сакталып келген ар бир оюндун ички маани-мазмуунун айтсак эле канча сөз. Анын бары астыда. Бул макаладагы сөзүбүздү Ала-Тоодон Ааламга аттанган Көчмөндөр оюнуна ак жол каалайлы. Жараткан өзү жар болсун. Кайсыл гана мамлекетте өтпөсүн Кыргызымдын атагы таш жарып дүйнөнү дүнгүрөтүп таң калтыра берсин. Өзүбүдө ички ынтымагыбыз артып, пейилибиз агарсын! – деген ак батаа менен  аяктай туралы          

 Чолпонбек Абыкеев жазуучу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: