Быйыл турк тилдүү мамлекеттердин көбү Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата маданий иш-чараларды өткөрүп, ал түгүл «Айтматов жылы» деп жарыялашып урмат-сый көргөзүп жатышат. Ал эми Кыргызстанда Айтматовго карата мамлекеттик деңгээлде масштабдуу иш-чара белгиленген жок. Талас облусунун Кара-Буура районунун өзү туулуп өскөн Шекер айылында гана Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун демилгеси, сунушу менен «Чыңгыз ордо» комплексин куруу жагы гана колго алынды. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 38 миллион сом бөлдүрүп, бир аз маани бергенсиди. Бирок мамлекеттик алкакта ири маданий-адабий, илимий иш-чара өткөргөнгө эч ким көңүл бурган жок. Болгону 75 кишиден турган топ Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу жыйын өткөргөнсүдү. Ушул Айтматовдун 90 жылдыгына карата эл аралык деңгээлде илимий, адабий, маданий, ал түгүл экология темасын козгогон диалог, форумдарды өткөзсө жарашмак. Тилекке каршы, бидин мамлекет жетекчилери уктап калышты…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ