Menu

Казакстанда Аблязовдун тарапташы Тelegram-чаттагы кабарлары үчүн соттолууда

Бөлүшүү:

Актау шаарынын прокурору “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын Тelegram-чаттагы кабарлары үчүн соттолуп жаткан Абловас Жумаевди айыптуу деп таап, үч жарым жылга эркинен ажыратууну сурады.

18-сентябрдагы сот жараяны учурунда жактоочулар айыпталуучунун атасы өлгөнүнө байланыштуу отурумду башка күнгө жылдырууну сурашкан. Бирок судья буга макул болгон эмес жана прокурорго сөз берген.

Абловас Жұмаев 2018-жылы 11-майда камакка алынган. Ал “Бийликти басып алууга чакыруу” беренеси боюнча айыпталууда. Сот отуруму учурунда адвокаттар бир нече жолу көз карандысыз экспертиза дайындоону, сот төрагасын алмаштырууну өтүнүшкөн. Бирок алардын суроосу канааттандырылган эмес.

Өткөн айда казакстандык укук коргоо уюмдары Абловас Жумаевди “саясий туткундардын” тизмесине кошкон.

Быйыл 13-мартта Астананын Есиль райондук сотунун чечими менен “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы экстремисттик деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: