Menu

“Маданияттуу коррупционерлерди” жоопко тартуу керек

Бөлүшүү:

Биз, кыргыз эли эркиндик алдык дегенден баштап эле коррупцияга каршы күрөш баштадык деген ураандынбы, же дагы башка немесининби, алдында жашап келебиз. Коррупцияга «аёосуз» күрөштү Акаев да айтты, анан Бакиев, Отунбаева, Атамбаев да айтып келишти, эми Жээнбеков жаны калбай айтып жатат. Бирок, иттики, коррупция күчөгөндөн күчөйт да! Бу эмнеси?! Эмнеси болмок эле, бул-коррупцияга алдырып коюп, анан чыгаан коррупционерлер коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөндөн болуп жаткандыгынын накта кебетеси! Бул кептин айныксыз мааниси – «карышкырга кой кайтарткандай» болуп турат го! Билип турсаңыз да, эми бир ирет ойлонуп багыцыз, карышкыр кайтарган кой ага жем болот, кырылат, тукумкурут болот!

Мамлекетибизде болуп жаткан кандай гана чогулуш болбосун коррупция айтылат, ага каршы аёосуз күрөш башталары же башталып жатканы айтылат, эртең болбосо, бүрсүгүнү коррупция кан буугандай токтотулары жар салынат… Ошол кепти, ошол убаданы, соолгурдуку ай, жалаң коррупционерлер айтыбатпайбы! Эми кайда барып куурадык?! Баса, ошол күрөштө, коррупцияга карты дегеним, бир туугандар да, кудалар да, достор да жакты санаалаштар да, эч кимисин аямай жок, катары менен жайлана тургандыгы айтылат! Мына сага! Ал эми турмушта, ошол убаданын дал тескериси ишке ашып жатканы…

Президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга карты аёосуз күрөшөм» деп убаданы катуу берип жатты эле, эми ал иши деле солгундап калгандай, «быш» деп жели чыккандай абалда калды окшойт…

Эми бул маселени териштире келеек, кебибиздин аягына чыга албаспыз, менин айтарым, башка кеп…

Маданият тармагында иштегендер, анын ичинде искусствонун өкүлдөрү эл баалаган адамдар болот: алар элге ырдап берет, оюнун көрсөтөт, комузун чертет ж.б. ошентип черин жазат, көңүлүн көтөрөт. Ошондуктан эли жакты көрүп жатпайбы. Чынында искусство адамдары ак пейилдүү, топук кылып жашаган адамдар болушат, улунуп-жулунбайт. Ошон үчүн бул жааттагы адамдардын көбү кедей-кембагал катары өмүр өткөзөт… Азыр тойлордо ырдап жакшы акча тапкандардын маселеси башка кеп…

Искусство тармагындагы ак дилдүү адамдардын катарында акчаны алдыцкы орунга коюп алып, анын артынан түшүп ашынган коррупционер болуп кеткендер да бар. Аз, бирок бар. Ошолордун бири Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын деректири Кыргызбай Осмонов. Анын «Кыргыз эл артисти» деген наамы бар, анысын айткан жокмун, анткени, ал наамга татыктуу эмес. Баса, бул шылуун аялына да наам алып берип жатпайбы!

Кыргызбай Осмонов же ырчы эмес, же актёр эмес, же режиссёр эмес, ошолордон чоп башылар жүрүп, наамды да алып, жетекчи кызматтарда да иштеп келатат. Ал кырдрамда деректир болуп ончакты жыл иштеди, ал жердеги акчага мыйзамсыз аябай тойду, анан ал үчүн жооп берүүнүн ордуна филармонияга деректир болуп жатпайбы. Эми бул жерде да кылчусун кылып жатканы. Шумдуктуудай жойлойт экен. Тиешелүү органдар анын «жүрүштөрүн» качан «колго алып», жооп бердирет, белгисиз…

Искусство жаатында Осмоновго окшогон шылуундар да бар экендиги, күндөн-күнгө аталган тармактын аброюн кетирип жатканы. Алар Султан Раев, Керим Турапов, Опера жана балет театрынын деректири Болот Осмонов, цирктин деректири Курмангазы Исанаев, Нарын драмтеатрынын деректири Темирлан Сманбеков, Кыргыз кинодепартаментинин деректири Мукталы Бектеналиев, режиссёр Таалай Кулмендеев дегендер.

Булардын ичинен Болот Осмоновго кылмыш иши козголгон. Ошол кылмыш иши козголгондон кийин, экинчи ирет Операнын деректири болуп шайланып жатпайбы. Мындай айбандык ишти ким көрүптүр?!

Кыргызкино департаменти деген зарылдыгы жок эле кызматты ачтырып алып, айлыгына жана башкасына тунуп жаткан Бектеналиевди канттик?! Билгендер айтып жүрүшөт, кыргыз режиссёрлору кайсы бир чет жерден сыйлык жеңип алса, Бектеналиев деген барып акчасын алып турчу экен! Бу да айбандык!

Ал эми циркти өз менчигиндей пайдаланып, миллиондогон сомго туйтунуп жаткан Курмангазы Исанаев дегендин крышасы Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков экен. Бу Исанаевдин жанагы жыгылбас куурчактай бол-гон жүрүшүн ушул депутат мырза шарттап жүргөн тура…

Темирлан Сманбековдун кырдрамда деректир болуп жүргөндөгү коррупциялык иштери, Султан Раевдин министр болуп жүргөндөгү коррупциялык иштери өзүнчө эле чоң «жомок». Бул экөөнүн да, жогоруда саналгандардын да коррупциялык иштери толугу менен биздин курч журналисттерибиздин бири Айбек Шамшыкеевде бар. Айбек булар жөнүндө тажабай, тайманбай жазып жатып «пенсияга» да чыкмай болду окшойт. Ал эми укук коргоо органдары козголгон жери жок. Анан эмненин коррупцияга каршы күрөшү болсун… Саналгандардын ар бирин жакшылап кустуруп ту рун, 10-15 жылдан олтургузуп салса, ошондо гана коррупцияга карты күрөш болот!

Баса, коррупционерлер жеген акчаны кайтарып жатпайбы, каржы министрлигине атайын эсеп ачтырып. Ошол эсепке азырынча 400 миллиондой сом түшүптүр. Бул сумманы жогоруда аты саналгандарды кустурса эле түшүп берет… Коррупционерлерди чындап кустурган киши жок, кебетеси, күрөш жүрүп жаткан түр көрсөтүп жатышат го… Эгерде коррупционерлерди чындап кустурса, анда карызбыз деген 3,800 миллиард доллардан оңой эле кутулмакпыз.

Коррупция деген Кыргызстанды тургус кылып баскан экен, ага карты күрөшөм дегендердин айласын кетирип жатканы. Президент болуп шайлангандан кийин коррупцияны аябай кыскартам деген Жээнбеков ал күрөштө папке менен шапкесин таппай калды көрүнөт… же эми накта күрөш башташ үчүн опсуз пландарды түзүп бугуп жатабы?!

Баратбай Аракеев

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: