Menu

Президент саткынчылардан бүгүн арылбаса, эртең кеч болуп калат

Бөлүшүү:

Соцтармактардагы «Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө аттуу-баштуулар барбай койду» деген маанидеги талкууга күбө болдук. Кызыл чеке талаш-тартыштар орун алды. Ооба, оомал-төкмөл заманың ушундай болот. Бул жерде кеп башкада. Атамбаев карапайым адамдар менен 62 жашын тоскону, эчен ашууларды ашып, экс-президенттик доорун сүрүп атканы факт. Мындай ийгиликке жеткен бар, жетпеген бар. Маселенин маңызы – кечээги Атамбаевдин айланасындагы кошоматчылардын үйүр тобу президент Жээнбеков тарапка өтүп кетишкени, ошолордун саткындыгы бүгүнкү күндөгү өкүнүчтүү көрүнүш. Келечекте кайталана турган трагедия! Аныгында, Сооронбай Шарипович арканды алыс ыргытып, акыл калчап, дал ошол эки жүздүү пенделерден тез арада арылууну көздөш керек. А болбосо эртең эле саясый сойкулуктун үлгүсүн көрсөтүшөт. Эң болбоду дегенде, Чыңгызхандын саткынчылар боюнча айтканын эске алып койсо жаңылышпайт эле…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: