Menu

Рыспаевге Өмүркулов көлөкө болгусу келеби?

Бөлүшүү:

КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болгон Кожобек Рыспаевди эми фракциядан чыгаруу маселеси кабыргасынан коюлууда. “Эшиктен кирип төр меники” дегендей, Кожобек ачык эле: «Мен юристтерден кеңеш сурадым. Алар мага “Сизди партиядан чыгарышканы менен фракциядан арызыңыз жок болсо чыгара албайт” – дешти. А мен арызды жазбайм», – деп догун артып жатат.

Ага фракция лидери Иса Өмүркулов дагы Рыспаевге жан тартып, КСДПнын саясий кеңешинин Кожобек Рыспаев тууралуу чыгарган чечимин аткарганга шашылбай турганын билдирип, бул маселени кароодон качып жаткан кези. Ал эми депутат Ирина Карамушкина болсо: «Рыспаевди фракциядан чыгарыш керек. Ал биздин партиянын мүчөсү эмес. Жогору жак кийлигишпесе, биз бул маселени карайбыз», – деп айтып, Рыспаев баары бир жазадан буйтап өтө албастыгын кабыргасынан коюп жатат. Сыягы, Рыспаевге көлөкө болгусу келген Өмүркулов жакында менин башыма да ушундай күн түшүп калса кантем деп сактанып жаткандай…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: