Menu

Темир Бирназаров, кинорежиссер, сценарист: Кино жаатында мамлекеттен, өкмөттөн колдоо аз болууда

Бөлүшүү:

-Темир байке, “Түнкү кырсык”, тасмаңыз Москвада өткөн “Киношок” аттуу фестивалда мыкты кино аталды, аталган кинону тартууга эмне түрткү берди? Буга чейинки берген интервьюларыңызда “Менин максатым кино аркылуу Коомду тазалоо” – дептирсиз, кино менен коомду агартып, тазалоого мүмкүнбү?

-‘Түнкү кырсык” тасмасы мамлекеттин буйрутмасы менен тартылган. Кинонун жаралышына буга чейин айтып келгендей эле коомдогу болуп жаткан ар кандай оң-терс көрүнүштөр түрткү берген. Өзүңөр билгендей эле, союз маалында кино мамлекеттин эң башкы пропагандалык куралы болбоду беле. Экинчиден, товар болгон, арак менен бензинден кийинки эле кирешелүү товар бул кино болчуда. Кино менен коомду тазаламак түгүл, элдин интеллектуалдык деңгэзлин көтөрсө болот. Ошондой эле кино менен коомду бузуп, бир мамлекет менен экинчи мамлекетги согуштуруп жиберсе да болоору белгилүү эмеспи. Мисалы, Мухаммед пайгамбар тууралуу кыска метраждуу кино тарта коюшуп, аз жердей согуш болуп кете жаздаганын көрдүк го… Ал ызы-чуудан бир нече адам көз жумду…

-Токтобек Үсөнов аттуу сиздин окуучунуздун “Не женское бремя ” аталышындагы тасмасы да Москвада өткөн сынакта диплом менен сыйланды. Токтобек Нарында туулуп-өсүп, сиздин колдо тарбияланып жаткан таланттуу жаш жигит экенин билебиз. Токтобектин талантына кандай баа бересиз?

-Токтобек таланттуу жигит. Менимче, ал жакшы киносценарист болот деп ойлойм. Режиссер да болушу мүмкүн. Буга чейин чыгарма жазып, китеп кылып чыгарган. Эки жыл мурун Москвада ага театралдык окуу жайга окууга жибердим эле. Учурда Москвада окуп жатат. Окуусун бүтүп келсе кино тармагына баш- оту менен киришип иштейт го…

-Кино тармагына мамлекеттен, өкмөттөн кандай көңүл бурулуп жатат? Колдоо сиздер ойлогондой эле болуп жатабы?

-Мамлекеттен, өкмөттөн толук кандуу колдоо болбой жатат. Каражат маселеси абдан тартыш. Режиссёрлор кинону сатуу, прокат жагынан аксап жатабыз. Ал эми чыгармачылык жактан өсүш жакшы. Кино жаатына кызыккан чыгармачыл жаштардын саны күн санап өсүүдө. Жаштардын талантын моралдык жактан колдогонубуз менен тилекке каршы, материалдык жактан колдоого ала албай жатабыз. Ушул жагы абдан өкүнүчтүү…

-Былтыр “Кош келиңиз, президент мырза” аталышындагы тасмаңызды элге бир көргөзүп эле кайра театрлардан алып салдыңыз, ал тасмаңызды элге качан тартуулайсыз?

-Ал кином бүгүнкү күнү Москвада театрларга коюлуп, ал жактагы мекендештерибизге, орус элине көргөзүлүп жатат. Эл жакшы кабыл алууда. Буюрса, Кыргызстандын аймактарында, борбор калаа Бишкекте дагы тартууланчу күндөр алые эмес. Күтө тургула…

-Учурда кандай иш менен алектенип жатасыз?

– Азыр жаңы сценарийдин үстүндө иштеп жатам.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: