ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди кызматтан кетет экен деген сөздөр көп айтыла баштады. Бул Көчмөндөр оюндары учурунда түрк президентинин аялы Эмине айым Кырчында 2 сааттай авто тыгында тыгылып калгандан соң куч алды. Чындыгында эле билген кишиге бул окуя чоң ЧП. Эмине авто тыгында турганда милициянын колундагы рация да иштебей, телефон менен байланыш да үзүлүптүр. Кокус, түрктөрдүн биринчи канайымына кол салуу болгондо шорубуз катмак. Кашкар мырза милициянын ушул эле шалаакылыгы үчүн жооп бериши керек. Министр кызматтан алынса, анын ордун басат элек деп активдүү аракетти Мелис Турганбаев менен Талант Исаев жасап жатышканына эмне дейсиңер? Мелис Турганбаев ИИМди жетектеп турганда Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө ИИМдин кызматкерлери аралашканы айтылбады беле. Бул иш унутта калып, Турганбаев министр болсо элде ишеним жаралабы?
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ