Menu

Абулгазиевдин командасы иштерман экенин качан көрсөтөт?

Бөлүшүү:

“Ээрге башында эле кыйшык отурган болчу”,—дегендей, азыркы Мухаммедкалый Абулгазиев жетектеген кыргыз өкмөтү парламент тарабынан шайланганда эле эл менен ошол депутаттардын өздөрү өтө начар, эт менен челдин ортосундагы эски-жаңы аткаруу бийлиги түзүлүп калгандыгы айтылган болчу.

Эски демекчи ушул азыркы министрлер менен мамлекеттик ведомство, дирекцияларынын жетекчилеринин көпчүлүгү мамлекетибизди эбегейсиз карызга батырып, коррупцияны гүлдөткөн экспрезидент А. Атамбаевдин командасындагылар гана болуп, түлөгөн жыландай терисин гана алмаштырышкан. Андыктан Жогорку Кеңеш тарабынан добушка коюлуп, антын да жаңыртып окуп берип жатып премьер-министр баш болуп, бирөөсү да экономиканы көтөрүү тууралуу эч кандай план, программасын сунуш кыла алышкан эмес. Баса, М. Абулгазиев өзү деле эски бийликтин “калдыгы” эмеспи.

Андан бери туптуура алты ай өтүптүр. Экономикалык статистикаларга көз жүгүртсөк, жок дегенде алты кичи ишкана курулган жок. Аткаруу бийлигиндегилер жарым жыл боюу III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү менен алпурушуп, бул эл аралык деңгээлдеги маданий-спорттук иш чараны кыргыз элинин мойнуна илип, бюджеттен 303 млн сомду жумшап, ары-бери өткөрүп кутулгандай болду. Мунусуна да шүгүр дейли.

Биз билген, байкаган М. Абулгазиевдин алгылыктуу иштери май айында Стамбулда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде кыргызча сөз сүйлөп, мындан тышкары жери окуппацияланып,эли кордук көрүп аткан Палестина өлкөсүнө тилектештик билдирип, мусулман боордоштордун кайгысына кайдыгер боло албай тургандыгыбызды расмий түрдө жарыялап, Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги кургуйга кулап аткан кадыр-баркын бир аз көтөрүп койгондугу болду. Андан кийин эки жума мурда аяктаган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземинде англисче сөз сүйлөп, чет элдик журналисттердин маанайын көтөрүп, өзүнүн да англисче сабаттуулугун далилдеп койду.

Бирок куру сөз менен курсак тойбойт эмеспи. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна, ЕАЭБге жана башка эл аралык экономикалык уюмдарга мүчө экендигине карабай, экспорт кескин төмөндөп, ошол эле учурда импорттун көлөмү ашып кетти. Ал эми Быйыл Кыргызстана келчү түз инвестициянын көлөмү болгону 247 млн долларды түздү. Бул былтыркыга караганда 33,2% пайызга аз дегендик. Адатта дайыма прогресстик көрсөткүчтөрдү билдирип келген Мамлекеттик статистика комитети да мындай экспорт менен импорттун кескин айырмасын жаап-жашыра албай калууда. Мындай цифраларды биз эмес, бийликтеги КСДП партиясынын бакандай депутаты Аалы Карашев өзү статистикалык маалыматтарга таянып Парламент жыйынында жар салды. Эгер А. Карашевдин карандай цифраларга таянган билдирүүсүнө андан ары кулак салсак, сегиз айда өлкөбүздүн өнөр жай тармагы 9,3 пайызга, экспорт 1,6% төмөндөп, импорт 20% өскөн.

“Ички дүң өндүрүм терс көрсөткүчү менен баратабыз.-0,3%. Түз келчү инвестиция 247 млн доллар болуп 33,2% терс көрсөткүч менен баратабыз. Инвестициянын чыгып кетүүсү 236 млн доллар. Айырма 10 млн доллар эле болуп жатат. Бул жакшы эмес көрсөткүч. Жыл аягына чейин үч ай эле калды. Кескин чара көрүп, өндүрүшкө көңүл бурбаса акыбал жакшы болбой калат”,-деди депутат каңырыгы түтөп. Эми тогуз ай “толготуп” жаткан өкмөт үч айда эле экономикабызды өнүктүрүп жиберерине ишенсе болобу?.

Бирок буга чейин өкмөт 2018-жылдын башынан тарта июнь айынын аралыгында ички дүң продукциянын көлөмү 213,6 миллиард сомду түзгөнүн билдирген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга өстү дегенди билдирет. Демек, депутат кашкайган фактыларды айтып аткан соң, аткаруу бийлиги адатынча эле калп айтып жатат да.

Эл арасындагы чыныгы жашоо мындан да төмөн же пессимисттик маанайда. Мисалы былтыркы жылы Марска жол ачылгандай баарыбыз калпагыбызды асманга учуруп сүйүнгөн кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышы атамекендик өндүрүштү өлтүрүп, жумушеуздукту күчөтүүдө. Анткени автобус, жеңил автомашиналардын ондогон маркаларын чыгарып, Россияга чейин сата баштаган кошуна мамлекет өзгөчө республикабыздын түштүк аймактарында биргелешкен ишканаларды ачып, өз товарларын толтуруп салды. Ошол эле учурда биздин дыйкандардын жалгыз экспорттой турган продукциясы картошканы албай койду. Чегара ачылганда дыйкандарыбыз ашыналарга картошкасынын бир килин 50 сомго чейин сатып, бир маарып калышты эле. Ошондуктан быйыл жери бардын баары эле картошка эгип, тилекке каршы саталбай отурат. Көрсө, Өзбекстан картошканы Россиядан ири көлөмдө сатып алуу келишимин түзүп, “рынокто картошка толуп кетти” деген шылтоо менен чегарадан өткөрбөй атат. Айыл чарба министрлигинин делегациясы Ташкентке барып, картошка маселесин чечери тууралуу маалымат тарады эле, бирок жыйынтыгы жок. Демек, достуктан сооданы артык койгон ашыналар адатынча “йок” деген окшойт.

Мурдагы жылдары бир кил чесноктун баасы базарда 300 сомго чейин чыгып бул өсүмдүктү өндүргөн дыйкандарыбыз да бир топ пайда табышкан. Бирок “багы жокко дагы жок”, – болуп, бул күндөрү базарда бир кил чеснок 40 сомдон которулбой атат. Себебин сурасак, кабагына күзүндө эле кар жааган дыйкандар “Казакстан, Россия албай атат. Ал жакка алпаргандарыбызды да ар кандай фитосанитардык документтер жоктугун шылтоолоп артка кайтарууда. Биздин өкмөт, тиешелуу жетекчилер эч нерсе жасабай жатышат”,-деп арманын айтышууда. Бир чети Кыргызстан, кыргыз дыйкандар бул жерде Россия менен Казакстандын ортосундагы билинбеген “соода согушунун” курмандыгы болуп жатышат окшойт. Анткен менен Дүйнөлүк соода уюмун айтпаганда да ЕАЭБ талап, шарттары боюнча бул уюмдун алкагында тигил же бул продукцияны экинчи, үчүнчү өлкөгө экспорттоодо эч кандай тоскоолдук болбоого тийиш. Ал эми фитосанитардык, ветеринардык документтерди биздин чиновниктер дыйкандардын өздөрүнө күнөөнү оодарбай, чечүүгө милдеттүү.

Баса, быйылкы жаз айлары бизден башка Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерде өтө кургакчыл болуп, айыл чарба азыктары аябай аз өндүрүлдү. Дал ушул кургакчылыктын кесепетинен Туркмонстанда жумуртка, ун сыяктуу негизги азыктар СССРдин тушундагыдай талон менен сатылып, дүкөндөрдү полиция кызматкерлери кайтарууда. Жакында Президентти ээрчип Ашхабадка барган курсагы ток, кайгысы жок жоон топ кыргыз чиновниктерибиз бир да соода-сатык боюнча келишим түзүшкөн жок. Дүйнөдө газ жана мунайдын эң көп кору болгон менен эли ачка калган туркмөндөргө дүкөндөрүбүздө сатылбай, бузулуп аткан жумуртка, ун, буудай, картошкаларыбызды сатпасак да, мунай продукциясына бартер кылсак эки тарапка тен, утуш болбойт беле. Сыягы, бул тууралуу ойлонгон бир да жетекчи жок окшойт.

Кыргыз-өзбек соода-сатыгында биз уттуруп аткандыгыбыз жакында Парламентте да айтылып, бирок өкмөт мүчөлөрү кандай чара корору тууралуу жооп бере алышкан жок. Демек, даярдыгы жок же коркушат. Азыр алсыз гана жагын көрсөтүп олтурган Абулгазиев аткарчу иштерди дагы президент Жээнбеков тартып жаткандай туюлууда. Программа, идея тууралуу сөз айтканга Өкмөт башчынын дарамети жетпесе, жок дегенде командасына сөз тийгизип, колунан коко тыйындык иш келбей, коп нааразычылыктарды жаратып жаткандарга “чык эшикке” деп кыйкырганга духу жетиши керек эле да. Ага да жарабай жатпайбы…

А. Жапаров

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: