Быйыл 1-январдын түнүндө Бишкек шаарынын Куликовский көчөсүндө жайгашкан “Азия” медициналык окуу жайынын кеңсесинен 4 беткапчан, куралчан кылмышкерлер кароолчусунун буту-колун байлап, 1.380.000 (бир миллион үч жүз сексен миң) АКШ долларын алып, кылмыш болгон жерден изин суутушкан. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бул факт боюнча кылмышка шектүү жарандар бар, бул багытта ыкчам иликтөө жанан кылмыш бетин ачуу багытында уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Таткап айтып кете турган нерсе, 2020-жылдын беш айынын ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө резонанс жараткан 39 каракчылыктын бети ачылып сотко ашырылган, учурда да 35 кылмыш боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча ыкчам иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ