Menu

Өзбекстанда соодагер аялын бычактап өлтүрдү

Бөлүшүү:

21-сентябрда Өзбекстандын Денау районундагы жергиликтүү базарда соода кылган ишкер жубайын бычактады. Күбөлөрдүн айтымдарында, аял алган жараатынан ошол жерде жан берген.

– Аялы экөө Денау районундагы борбордук базарда соода кылышчу. 21-сентябрда эртең менен күйөөсү дүкөнүнүн алдында аялына беш жолу бычак сайды. Тез жардам чакырдык, бирок жарааттары оор болгондуктан, аял ошол жерде каза болду, – деп билдирди күбөлөрдүн бири.

Анын айтымында, жубайлар ортосундагы чыр акчадан улам чыккан. «Алар дүкөндү ижарага алып иштетишчү. Базар башчысына ижара акысын өз убагында төлөй албай калышып, ортодо уруш чыккан. Жинденген күйөөсү аялына бир нече жолу бычак сайды», — деп кошумчалады ал.

Денау районундагы базардын башчысы эс алуудан жүргөнүн айтып, бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Райондук прокуратура аялдын өлүмү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: