Menu

Тажик айдоочулары ооган портундагы салык салууларга нааразы болушууда

Бөлүшүү:

Тажик жүк ташуучу унааларынын айдоочулары жана ооган ишкерлери Кундуз провинциясында коркутуп-үркүтүүлөрдөн тышкары транспорттук компаниялардын, чек ара кызматынын жана жол коопсуздук кыймылынын инспекторлорунун салыктарынан жапа чегип жатканын билдиришүүдө.

Шерхан Бандар порту Тажикстан чек арасына жакын Паяж дарыясынында жайгашкан. Бул чек ара өтмөгү Ооганстан менен Пакистанды Тажикстан жана Кыргызстан менен байланыштырып турган транзиттик каттам болуп эсептелет. Күн сайын бул порт аркылуу ондогон жүк ташуучу унаалар өтөт, алардын көбүн тажик айдоочулары башкарат.

Айдоочулардын айтымында, Ооганстан аймагына кирер замат салык салуу башталат. Айдоочулардын бири чек кызматкерлери көзөмөл-өткөрмө бекеттен 80 сомониден (8 доллар) алышарын айтып, бул мыйзамдуубу же мыйзамдуу эмеспи деген суроо салган.

​ Шерхан Бандардагы ооган ишкерлер ассоциациясы мыйзамсыз салык чогултууларды токтотуу өтүнүчү менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министрлигине бир нече жолу кат жөнөткөн. Бирок көйгөй чечиле элек.

Бул арада Шерхан Бандар бажы постунун жооптуу кызматкери Махмаднозир Нозири айдоочулардан эч ким пара албай турганын, Шерхан Бандар көпүрөсүнөн өткөн ар бир унаа 2 доллар өлчөмүндө пошлина төлөш керек экенин белгиледи.

Тажикстандык айдоочулар салык маселеси чегине жеткенин, эгер көйгөй улана берсе, алар ооган ишкерлеринин жүктөрүн ташуудан баш тартышарын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: