Бүгүн, 24-сентбрда КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин тирүү экенин далилдеген абактагы жаңы сүрөтүн таратты. Сүрөттө Текебаев толуп жана агарып алган. Ал азыр Бишкектеги N47-абакта олтургандыктан жаңы сүрөт ошол абактын короосунда тартылгандай.
22-сентябрда белгисиз адамдар Текебаев жүрөгү кармап абакта өлгөн деп маалымат таратышкан. Азыр ЖАМК менен “Ата-Мекен” партиясы ал калп маалыматты тараткандарды таап, жазалоону ИИМден талап кылышууда.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 16-августта Атамбаевдик режимдин соту Текебаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратып, азыр жазасын өтөөдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ