Парламенттеги депутаттардын арасында Жанар Акаевдин жылдызы жанып турган чагы. Жалтанбай чындыкты талашам деп элден кадыр-барк топтой алды. Жаш экенине карабай чындык деп сүйлөгөнүнө баа бериш керек. Бирок, 2015-жылы КСДПнын тизмесине кирип, Атамбаевдин ишенимине ээ болуп, парламенттик шайлоого аттанып жаткан кезде “Атамбаев акча уурдабайт. Ак ниет адамдарга таянат…” деп айтканы менен бүгүнкү күндө айтып жаткан сөздөрү дал келбей жатканына таң калгандар дагы жок эмес. Жанар ошол учурда “Атамбаев акча уурдабайт” деп ишенимдүү айткан экен. Азыр ошол айткан оюнан кайтат болду бекен? Же дагы деле “Атамбаев акча уурдабайт” деген принциптеби?
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ