Menu

Украина менен жикчилдердин ортосунда туткундарды алмашуу аяктады

Бөлүшүү:

Донбасста украин өкмөтү менен жикчилдер ортосунда туткундарды алмашуу аяктады. Жогорку Раданын биринчи вице-спикери Ирина Гращенконун айтымында, алмашуунун жыйынтыгында 73 украин туткуну бошотулуп, Киев жикчилдерге 233 адамды өткөрүп берди.

“27-декабрда Донецк облусундагы Майорск районунда туткундарды алмашуу болду. Жикчилдердин абактарынан 73 украин бошотулду”, – деп билдирди Геращенко.

Мурдараак жикчилдер украин тарапка 74 кишини өткөрүп бергендиги кабарланган. Украин өкмөтү сандардагы мындай айырмачылык боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Донецктеги орусиячыл жикчилдер туткундарды алмашуунун алкагында бир киши Киевдин көзөмөлүндөгү аймакка баруудан баш тартканын билдиришүүдө.

27-декабрда Киев менен Лугансктагы жикчилдердин ортосунда дагы тутукундарды алмашуу болду. Украин тарапка 16 туткун өткөрүлүп берилсе, Луганскка 73 киши (алгач 99 киши экени кабарланган, бирок алардын бир канчасы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарга кайтып баруудан баш тартышкан) берилди.

Украинанын президенти Петр Порошенко туткундан бошотулгандар менен Краматорскто жолукту. Мамлекет башчы алар тик учак менен Харьковго, андан ары Киевге жеткирилерин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: