Menu

Украин бийлиги мурдагы президенттен дагы $180 млн конфискациялоого ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко өлкөнүн мурдагы президенти Виктор Янукович жана анын айланасындагы кишилерден өлкө бюджетине дагы 5 млрд гривен кайтарылганын жарыялады. Бул тууралуу Луценко украин телеканалына берген маегинде билдирди.

“Бизде дагы 5 млрд гривен конфискациялоо боюнча планыбыз бар. Мындан улам келерки жылдын башынан тарта атайын конфискация өткөрөбүз жана өкмөт бул сапар мурдагыга караганда уюшкандык менен иш алып барат деп үмүттөнөм. Биз болсо буга чейинки каражатты алып, бирок элге жеткирип бербегендерге бир нече кылмыш ишин козгоо менен жардам беребиз”, – деди Луценко.

Башкы прокурор Януковичтин жакындарынан 22 млрд гривен конфискациялаганын, бирок бюджетке азырынча 5 миллиарды гана түшкөнүн билдирди.

Украинанын мамлекеттик бюджетине 2018-жылы атайын конфискациянын эсебинен 4,7 млрд гривен түшө турганы пландалууда.

Януковичтин адвокаты Виталий Сердюк мурдагы президентке жана анын жакындарына таандык делген каражатты конфискациялоо тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн башкы прокурорду сотко берерин айтты.

2017-жылдын июнь айында мамлекеттик чыккынчылык боюнча Украинада Януковичтин соту башталган. Прокуратура мурдагы президентти өмүр бою эркинен ажыратууну сураса, Янукович айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: