Menu

Фотобаян – Премьер-министр Сапар Исаков «Yili Industrial Group» кытайлык сүт компаниясынын жетекчилиги менен өлкөнүн сүт өнөр жайына инвестициялоо келечегин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында «Yili Industrial Group» (Кытай) сүт компаниясынын башкы директору Чжан Цзяньцю менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын айыл чарба тармагына, тактап айтканда, өлкөнүн сүт өнөр жайына инвестициялоо жаатындагы биргелешкен кызматташтыгынын келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы атамекендик сүт индустриясынын учурдагы абалы жана анын өнүгүү келечеги тууралуу жалпы маалымат берди. Премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү менен атамекендик сүт продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн өз ишканаларын кеңейтүүгө жаңы мүмкүндүктөр ачылды, бул жалпы тармактын өнүгүүсүнө оңдуу таасирин тийгизмекчи.

«Yili Industrial Group» (Кытай) сүт компаниясынын башкы директору Чжан Цзяньцю белгилегендей, компания Кыргызстан рыногуна кирүүгө кызыкдарлыгын жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн ички рыногуна инвестициялоо тууралуу бирдиктүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргызстандын аймагында кургак сүт жана сүт азыктарынын башка түрлөрүн өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгуу тууралуу макулдашышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: