Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси К.Султановдун 2018-жылдын 24-сентябрындагы маалымат жыйыны тууралуу Министрлик төмөндөгүнү билдирет.
Биринчиден, К.Султанов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкердин ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун жөнгө салуучу мыйзам жоболорун, ошондой эле элементардык дипломатиялык эрежелерди кезектеги жолу бузуп жатканына көӊүл буруу керек.
Экинчиден, ТИМде биздин көз карашыбызда Элчинин тарабынан белгилүү бир бузуулар болгондугу тууралуу маалыматтар бар, эгерде алар тастыкталса тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет. К.Султановдун мындай кадамдарга барышына жогорку көрсөтүлгөн бузуулар себеп болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайбыз.
Түзүлгөн кырдаалда Министрлик өлкө башчысына К.Султановдун мындан ары ээлеген кызматында туруусунун ылайыксыздыгы тууралуу сунуш берүү маселесин карап жатат.
Ошону менен бирге, Министрлик К.Султанов тарабынан айтылган маалыматтарды иликтеп чыгуу боюнча тиешелүү органдарга толук жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ