Menu

Жийиркеничтүүлөрдүн кайсы катмарына киресиз, Сайдулла мырза?

Бөлүшүү:

Дөөгүрсүгөндөр менен дөөрүгөндөрү арбын бул сапаркы Жогорку Кеңеш улам бир ачылыштары менен элди зериктирбей келет. Бул ирет башкы каармандын ролунда Сайдулла Нышанов болду. Дегеним, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов 19-апрель күнү болгон жыйында сөз сүйлөп: «Көчөдө басып жүрө албай калдык. Эл бизден жийиркенип атат», – деди. Бирок ошол эле маалда эмнеге жана эмне үчүн эл депутаттардан жийиркенип атканын айткан жок. Мындан улам Нышановдун сөзүн кандай мааниде айтканын түшүнбөй калдык. Балким бир партияда жүрүп анын идеясына баш ийбей өзүм билемдик кылып аткандарды айттыбы? Же саясий сойку жарнагын өз колу менен мойнуна илип, улам бир чакырылышта улам бир партияга учкаша калып депутат болгондорду айттыбы? Же олуттуу маселелер толуп жатса оозуна келгенди оттоп, ойду-тоону сүйлөгөн чала сабаттарын айттыбы? Балким ичтен чыккан ийри жылан болуп бир партиянын катарында туруп, бирок ар кыл маселелерди чечүү учурунда башка партиялар менен соодалаша коюп, саткынчылыкка барып жаткандарды айттыбы? Мүмкүн, күн тийген жердин күкүгү болуп, биртике бизнеси үчүн жандалбастап, мамлекет бүтүндүгү, эл эртеңи дегендерди эзели оюна албагандарды айттыбы? Ооба, мунун баарын эл көрүп турат. Туура, Сайдылда мырза, эл эбак эле жийиркенип калган. Кызыгы, Сайдулла мырза береги топтогулардын кимисине кирет?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: