“Биздин республикада бардык аймактарда ушул өзгөчө кырдаал киргизилип жатат. Тактап айтчу нерсе, бул өзгөчө абал эмес – бул өзгөчө кырдаал. Бул жерде атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт, бирок жанагы элдердин жүрүм-турумуна кандайдыр бир чектөөлөр өзгөчө абалдагыга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелердин бардыгы күнүмдүк турмуштагы иштер жүргүзүлө берет. Ал эми зарылдыгы жок башка жака чыгууга же болбосо элдер менен баягы эл көп чогулган жерге барууга элдерге тыюу салынат”, – деп билдирди бүгүн, 21-мартта КР вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 21-мартта Кыргызстанда таажывируска чалдыккандардын саны 12ге жетип, КР Президенти Сооронбай Жээнбеков баш болгон КР Коопсуздук кеңешинин тар курамы КР Премьер-министрине өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ