Menu

ИИМде генерал Сүйүн Өмүрзаковдун катышуусу менен ИИМдин Коомдук кеңешинин катардагы ачык жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин катардагы ачык жыйыны өттү. Коомдук кеңештин жыйынына Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов, андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышышты. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында актуалдуу маселелер каралды:
2018-жылдын 5-июлундагы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П. Разаковдун протоколдук тапшырмасынын жыйынтыктары боюнча;
Кыргыз Республикасынын ИИМдин адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана аларды издөө боюнча ишмердүүлүгү;
Кыргыз Республикасынын ИИМнин кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгына карата даярдыгы жөнүндө жана башка маселелер.
Жыйынды ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков ачты. Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен учурашкан соң Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков иштерине ийгиликтерди каалап, тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирип, ИИОнун алдына коюлган тапшырмаларды аткарууда коомчулуктун колдоосу жок ишке ашпашы мүмкүн экендигин баса белгиледи.
Андан соң Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын башчысы, милициянын полковниги Абдиш Коомбаев өз баяндамасында төмөнкү маселелерге токтолду: милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү жөнүндө, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жана милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн негизги тапшырмалары боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИОнун жетекчилеринин жарандарды кабыл алуусу жөнүндө.
Өз кезегинде ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн күйүүчү материалдар менен камсыздоону сунушташты.
Чогулгандар жарандарды кабыл алуу, андан сырткары, ИИМ менен элдердин ортосундагы байланышты жакшыртууну талкуулашты.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурбек Абдиевге сөз берилди. Түзүмдүн башчысы катышуучуларды адам урдоого каршы күрөшүү жана жана аларды издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды. “Адам урдоого каршы күрөшүү жана жана аларды издөө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам сатуу) боюнча 2010-жылы 88 кылмыш иши козголсо, 2017-жылы 42, ал эми 2018-жылдын башынан баштап 16 кылмыш иши козголуп, аталган категориядагы кылмыштардын санынын азайышын үлгү катары көрсөтсөк болот”-деп Нурбек Абдиев билдирди.
Андан сырткары, Нурбек Абдиев коомдук кеңешке Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгына карата даярдыгы жөнүндө маалымат берип, Кыргыз Республикасынын ИИМи үчүн маанилүү күн экендигине токтолду.
Жыйындын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Ялкун Даутов Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго кайрылып, ЖКККББнын кызматкерлери менен рейддик иш-чараларга катышкан журналисттерден бизге кайрылуулар (нааразычылык) келип жатат. Мисалы, аларды тилдешет. Биз алардын рейддик иш-чараларга чыгуусунда коопсуздугун камсыздоону сиздерден суранабыз.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирип, милиция менен жарандык коомдук институттардын мамилесин бекемдөө жарандардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын ишке ашырган натыйжалуу механизм экендигин билдирди. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун пикири боюнча Коомдук кеңештин иши укук коргоо органдары менен элдердин мамилеси түзүлүүдө жаралган актуалдуу маселелерди чечүүнү жакшыртат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: