Menu

Ноокатта окуучулар дагы эле чатырларда окуп жатышат

Бөлүшүү:

Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Живпром кыштагында жайланышкан Өрнөк орто мектебинин окуучулары кыштан бери чатырларда билим алып келатышат. Айрымдары дагыле өмүрүн тобокелге салышып кулай турган мектептин эски имаратында эптеп окуп жатышат. Мунун чоо-жайын кабарчыбыз жеринде сүрүштүрдү.

Гүлсара Абдылазиз кызы, Ноокат районундагы Өрнөк орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими: – Былтыртан бери дал ушул кейпибизден эч арылбадык. Биздин бүгүнкү опуртал көйгөйүбүздү жергиликтүү жана борбордук бийликтегилер абдан жакшы билишет. Ошондуктан, мүмкүнчүлүгүнө жараша чараларды деле көрүп жатышат. Тилекке каршы, мына өзүңүздөр көрдүңүздөр, азырынча чеке жылытаарлык жылыш деле жок. “Ушинтип олтурушса, кычыраган кышта кантебиз, ыя? Балдарды кантип, каерде окутабыз?”- деп айлабыз таптакыр куруп турган маалы.

Айтмакчы, Ноокат районундагы Өрнөк орто мектебинин окуучулары ушул күндөрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тартуулаган эки чатырда жана эскилиги жеткен мектеп имаратынын айрым тар класттарында 2018-жылдын февраль айынан тартып окуп келатышат. Анткени, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Өрнөк орто мектеби кооптуу деп табылып, анда балдарды туруктуу окутууга биротоло тыюу салынган.

Акбала Орунбаев, Ноокат районундагы Өрнөк орто мектебинин окуучусу: – Биз деле башкаларга окшоп заманбап шарттары бар, телегейи тегиз мектепте окугубуз келет. Тилекке каршы, мындай асыл максаттарыбыз жүзөгө ашпай келатат. Маселен, мобул жаңы мектебибиздин курулушу эмнегедир абдан эле кеңендеп жатат. Эгерде борбордук бийлик көзөмөлдү  күчөтсө, балким, тилегибиз жакын арада орундалып калаар..

Анаоа Маматали кызы, Ноокат районундагы Өрнөк орто мектебинин окуучусу: Кыш али түшө элек. Бирок, чатырларда кадимкидей эле суук, эй. Айла жок! Аргасыздан эптеп окуп жатабыз. Кыргыз Өкмөтү биздин – болочок муундун убалын ойлосо, жаш муунду чатырларда минтип үшүтпөстөн башка мектептерге деле которуп ташып, убактылуу окутпайбы. Мунун ойлогон жетекчи жок, аттиң!

Сырга Калмурзаева, Ноокат районундагы Өрнөк орто мектебинин директору: – Биздин дагы мектебибиздин жапжаңы жана заманбап имараты суук түшкүчө бүтсө экен деген тилегибиз күч. Анткени, бу кебетесинде суук бара-бара өкүмүн чындап күчөткүдөй. Ошондой эле талаа шартында окууда билим сапаты дагы ойдогудай болбойт экен.

Деген менен Ноокат районундагы Өрнөк орто мектебинин бүгүнкү мышык ыйлагыдай акыбалы менен жеринде кең-кесири таанышкан премьер-министр Мухаммед-калый Абылгазиев дагы элеттеги агартуу мекесмесинин курулушун тездетүүнү тийиштүү органдарга абдан катуу буюрду: – Жетиштүү каражат бюджеттен эбак эле бөлүнгөн. Андыктан, куруучулар Өрнөк мектебинин тикеленишин ылдамдатып, кыш түшкүчө толук бойдон бүтүрүүгө тийиш! Бул менин дагы жеке көзөмөлүмдө болот. Ушуну унутпагыла?

Баса, Ноокат районундагы Өрнөк орто мектебинин жаңы курулушун тикелеп жаткан “Иверия” жоопкерчилиги чектелген коомунун бригадири Касымжан Умурабев дагы агартуу мекемесин октябрь айынын этегинде сөзсүз пайдаланууга тапшырышаарын абдан катуу убадалады: – Өкмөт башчысынын тапшырмасын кыйшаюусуз түрдө аткарабыз! Агартуу мекемесинин жаңы корпусун келаткан октябрь айында толук бойдон бүткөрөбүз. Муну үчүн иш темпибизди адаттагыдан тышкары ылдамдаттык. Адйстерибиз жана курулушчуларыбыз жетиштүү.

Маалымат иретинде

Ноокат районундагы Өрнөк орто мектеби тээ Совет доорунда малчылардын жатаканасы сыңары курулган экен. Кийинчерээк Союз кулаганда Живпром,айылынын калкы кыйла көбөйгөндүктөн, аргасыздан аны мектепке гана ылайыкташтырышып, билим журтуна айландырышкан. Ушул тапта бул мектепте 264 окуучу эки нөөмөттө билим алып жатышат. Окуучуларга ушул тапта 22 мугалим сабак беришет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: