Menu

Президенттикке талапкерди “компаниянын кызматкерлерине кысым көрсөтүп жатат” деп айыпташууда

Бөлүшүү:

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна дагы бир арыз келип түштү.

Маалым болгондой, бул арызды “Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары жөнөтүшкөн. Алар Араван айылында МКК “Мөл Булак Финанс” ЖЧКнын филиалынын жетекчилиги кызматкерлерге кысым көрсөтүп жаткандыгын билдиришти. Алар кызматкерлерге шайлоодо президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаевге добуш берүүгө мажбурлап жатышат. “Баш тарткан учурда, кызматкерлер жумуштан айдалат” деп коркутушууда.

Бул факт боюнча материалдар Ички иштер министрлигине жана Араван АШКсына текшерүү үчүн жөнөтүлдү. Эгер маалымат тастыкталса, Төлбаевге айып пул салынышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоочу референдум 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: