Menu

АКШга “грин кард” убада кылган шылуундар пайда болду

Бөлүшүү:

Биз үчүн жашоосу жомоктогудай сезилген Америкага барууну каалагандар үчүн “Грин кард” лотереясы аркылуу виза алуу  мүмкүнчүлүгү бар эмеспи. Жыл  сайын дүйнө жүзүнүн ар кайсы улуттарынын өкүлдөрү ушундай лотерея жолу менен АКШга виза утуп алууга аракет кылышат. Бул өкмөттүк программа аркылуу жылына 55 миң адам Америкага баруу бактысына туш болушат.

Азыр ушундай бакыт кушу башына конгон бир топ мекендештерибиз жаш курагына, жынысы  менен социалдык статусуна карабай Америкага барышып, ал жакта жашап, иштеп жүрүшөт. Ага катышуу үчүн болгону элчиликтин расмий сайтынан катталуу керек. Бирок, Кыргызстанда “Грин кард” алып берүүнү убада кылган шылуундар пайда болуптур. Мындай маалыматты АКШнын биздеги элчилиги билдирди. Элчилик тараткан маалыматта алар айрым веб сайттар аркылуу жарнама берип, кызматы мыйзамдуу экенин жарыялап, кээде ири суммада акча талап кылып жатышканы, бирок чынында АКШ элчилигине эч кандай тиешеси жок экени айтылат. Ошол эле учурда элчилик “Грин кард” лотереясына анкета тапшыруу аябай жөнөкөй жана ал үчүн акы алынбай тургандыгын да кошумчалап, катышууну каалагандарды ашык чыгым болбой, ортомчулардын кызматын колдонбоого чакырган. Учурдан пайдаланып айта кетүүчү жагдай, “Грин карддан” тышкары эле айрым шылуундар АКШга виза алып берүүнү убада кылып, жарандардан бир нече миң доллар пара алып жүрүшкөндүгү же алдап кеткен учурлары да көп кездешет. Мындай шылуундукка элчиликте иштеген кызматкерлердин тиешеси жокпу? Балким, бул суроого элчи же жооптуу кызматкерлер жооп беришер же эске алышар.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: