2018-жылдын 18-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районунун базарларынын биринин жанынан Ысык-Көл облусунун 55 жаштагы С.Д. аттуу жашоочусун (аял киши) кармашкан. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда курткасынын ичинен скочтолуп оролгон кочкул күрөң түстөгү брекеттелген 25 даана баңгизаты табылган.
Алынган заттын жалпы салмагы 400 граммды түзгөн. Эскпертизанын корутундусу менен алынган зат гашиш баңгизаты болуп чыкты.
Жогорудагы факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголду.
Маалым болгондой, кармалган жаран криминалдык чөйрө менен байланышы бар. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат. Тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ