Menu

Гүлназ Кудусова, КСДПнын активдүү мүчөсү: Алмазбек Шаршеновичке жасалган кара пиарды жокко чыгарабыз

Бөлүшүү:

– КСДПда тазалануу аракеттери көрүлүп жатканынан кабарыбыз бар. Бул жааттан алганда, жаштарды кандай чакырыктар менен катарыңыздарга кошуп атасыздар?

– Биз чындыгында эле бүгүн жаш кадрларга басым жасап жатабыз. Азыркы коммуникациялык технологиялар бул үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Жаш муун менен карым-катнаш түзүп, алар менен түшүнүктүү тилде сүйлөшүү үчүн бир нече партиялык аккаунттарды ишке киргиздик. Андан тышкары, КСДПга көө жаап, негизсиз айыптаган сынчыларга интернет аркылуу жооп бере алабыз. Бирок, интернеттен реалдуу турмушка чыгыш керек. Ошондуктан, социалдык акцияларды өткөрүп, аларды интернетте координациялап туруу боюнча пландарыбыз бар.

-Учурда КСД П фракциясынын жүргүзгөн аракетгери борбордук иггабга карты келип жатканын байкайбыз.Бир партиянын ичиндеги эки башка саясаттын чыңала бериши кандай аякташы мүмкүн?

– Партиянын же анын Жогорку Кеңештеги фракциясынын атынан сүйлөгөнгө менин ыйгарым укугум жок. Андыктан, өзүмдүн жеке көз карашымды гана айта алам. Менимче, КСДП аркылуу парламентке келген депутаттардын көпчүлүгү партиянын борбордук штабынын багытын, партиянын лидери Алмазбек Атамбаевди колдошот. Быйыл жазында эле ал бир добуштан лидерликке кайра шайланды. Бүгүнкү күндө КСДП менен Атамбаев ажырагыс болуп байланышкан, аларды бөлүүгө мүмкүн эмес. Жакында эле фракциянын бир мүчөсү Кожобек Рыспаев партиялык линияны сактабагындыгы үчүн четке чыгарылды. Мен ойлойм, КСДПны карьерага жетиш үчүн колдонуп, бирок, идеяларын колдобогон депутаттар дагы болсо, алардын тагдыры деле ушундай болот. Бирок, «партия бүт фракция менен тирешип калды» деп айткан туура эмес.

– Лидериңиз Алмазбек Атамбаевге бир беткей маалыматтык чабуул күчөп баратат. Бул жагынан кандай дейсиз?

– Атамбаевге каршы жасалып жаткан кара пиар КСДП үчүн жаңылык деле эмес. Партиялаш коллегаларыман угуп эле жүрөм, аны Акаевдин, Бакиевдин учурунда деле каралоого көп аракеттер жасалган экен. КСДПнын лидери өзү деле «ишенбей турган адамдарга ишенип, чоң катачылык кетирген экенмин» деп айтып калат. Бирок, анын ниети дайыма түз. Туура, ЖМКлар, социалдык түйүндөр аркылуу таратылып жаткан ушак-айыңдардын бетин ачыш керек. Биз, анын тарапташтары азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Жакында бул кара пиар тескери натыйжасын берип, адамдар аларга ишенбей, биз тарапка бурулушат. Алмазбек Шаршеновичти жамандоо убактылуу гана көрүнүш.

– Эми жеке өзүңүз жөнүндө да кеп салсаңыз? Үй-бүлөлүк абалыңыз…

– Мен өзүм көлдүкмүн, ошол жерде чоңоюп өстүм. Жашым 25те. Улуттук университетти бүтүрүп, азыр КСДПнын Ленин райондук уюмунда куратордун жардамчысы болуп иштеп жатам. Турмушка чыга элекмин…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: