Menu

Гуревич менен жолуккан прокурор Мелис Мырзаканов экен

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын финансылык Кеңешчиси Евгений Гуревич менен Башкы прокуратура өкүлүнун жолугушуусунун протоколун талап кылды. Бул маселени 27-сентябрда парламентте баш прокурор баштаган адистер катышкан жыйында көтөрдү. Баш прокурордун айтымыйда, Гуревич менен ошол кездеги Тергөө башкармалыгынын орун басары Мелис Мырзаканов жолуккан. Парламент жыйынына катышып отурган Мырзаканов өзү да муну бышыктап, Гуревич менен жолугушууга АКШдагы элчиликтин өкүлү экөө барганын билдирди. Баш прокурор протокол түзүлбөгөнүн, сурак эмес, териштирүүнүн жүрүшүндөгү жолугушуу болгонун айтты. Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ал 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан. Ошондой эле Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүтө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор -аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун маалымдаган.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: