Menu

Урматтуу президент, бийлик Канжар Кадыралиевди качанга дейре канатына калкалайт?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго                                                                                   

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын С.Жаныбеков көчөсүнүн №38-үйүнүн тургуну, 1925-жылы туулган пенсионер Келдибаев Аширалиден,

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Терек айылынын Кара-Сай көчөсүнүн №16-үйүнүн тургуну Жолдошов Мирлан Жапаровичтен,

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылынын Пахта-Көчө көчөсүнүн №17-үйүнүн тургуну Матхаликова Лолахандан,

Ош облусунун Өзгөн районундагы  Куршаб айылынын М.Орозбаев көчөсүнүн №95-үйүнүн тургуну Бекташов Абдимиталдан 

Арыз

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз сизге арыз менен кайрылуубуздун себеби, сот жана көзөмөл органы прокуратура тарабынан мыйзам талаптары аткарылбай, бул кызматтар тарабынан негиздүү, объективдүү жана ар тараптуу иш алып барылбастан, сот териштирүүсү бир тараптуу болуп, жабырлануучулардын, тактап айтканда, Келдибаевдердин үй-бүлөсү, Л.Матхаликова, М.Жолдошев жана А.Бекташовдордун мыйзамдуу укуктары бузулуп, иш боюнча мыйзамсыз сот чечимдери кабыл алынууда.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда айыпкерлер К.Кадыралиев, У.Кадыралиев жана А.Амановдордун кылмыш иши каралып келүүдө. Соттордун жана соттук отурумдарда катышкан прокурорлордун көз көрүнө мыйзам бузууларынын негизинде жогоруда аталган кылмыш иши 2015-жылдан баштап ушул күнгө чейин болбогон шылтоолор менен созулуп келатканы кайсы акылга сыят? Мындай көрүнүш күндөн-күнгө күч алып, бул кылмыш ишин караган соттор менен прокурорлор мыйзамдын талаптарын одоно түрдө бузушуп, соттук кароолор атайын созулуп, кылмыш ишинин аягына чыкпай каралбай келүүдө. Андан тышкары президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы М.Арабаевдин жогоруда аталган кылмыш ишине кийлигишүүсүнүн натыйжасында кылмыш иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.Архарова карап, тергөөдө суралган жабырлануучулар, күбөлөр жана соттолуучулардын көрсөтмөлөрүн угуп, далилдерди жана иш материалдарын изилдеп, кылмыш ишин аяктап жатып жарыш сөздөргө өтөр алдында соттолуучу К.Кадыралиевдин жактоочусунун өтүнүчүн кабыл алып, ошол замат жашыруун бөлмөгө кирип, жактоочу А.Мамбетакуновдун жогоруда аталган кылмыш ишти кайрадан тергөө органдарына тергөөгө жөнөтүү тууралуу өтүнүчүн негизсиз жана мыйзамсыз канааттандырган.

Судья К.Архарова түздөн-түз Акүйдө отурган М.Арабаевдин буйругун аткарган. Бул тууралуу бизге маалымат жеткен. Судья К.Архарова чыгарган соттук чечимине жабырлануучулар макул болбостон, жабырлануучулардын жактоочулары тарабынан апелляциялык иретинде Бишкек шаардык сотуна арыз келтирилген. Бул 1-соттук инстанциясынын чечими Бишкек шаардык кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан каралып, акыры биздин жактоочулардын апелляциялык иретинде жазылган арыздары канааттандырылган. Ал эми кылмыш ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүү тууралуу биринчи соттун чечими жокко чыгарылган. Экинчи тарап, соттолуучулардын жактоочулары жогоруда чыккан соттун чечимине макул болбостон, алар Жогорку сотко көзөмөл иретинде арыз келтиришкен. Ошентип, 2018-жылдын 9-январында соттолуучулардын арызы боюнча соттук кароо башталганда, сотто башкы прокуратуранын өкүлү, мамлекеттик айыптоочу өзүнүн курч позициясына турбастан жана жабырлануучулардын өтүнүч арыздарын, каршы пикирлерин толук колдобостон, өзүнүн позициясын так айталбастан, соттук коллегиядан убакыт сурап, эч негизсиз соттук кароону башка күнгө жылдырып берүүсүн өтүнгөн. Себеби, иш боюнча ал өзүнүн жетекчилери менен кеңешүүсүн жана макулдашуусун ачык билдирген. Акыры кылмыш иштин кароосу бурмаланып, 2018-жылдын 15-январына саат 11:00 чамасына жылдырылган. Ошентип, Жогорку соттун чечиминин негизинде Бишкек шаардык кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими күчүндө калтырылган. Ал эми соттолуучулардын арызы канааттандыруусуз калтырылган. Кылмыш иштин эң кызыктуу жана белгилеп кетчү нерсеси, Октябрь райондук сотуна, Бишкек шаардык кылмыш иштер соттук коллегиясына жана Жогорку сотко бир да мамлекеттик айыптоочулар тарабынан эч кандай апелляциялык сунуш жана каршы пикирлер жазуу иретинде киргизилген эмес. Башкы прокуратура – мамлекетибиздин көзөмөл органы болуп туруп, соттордун мыйзамсыз чечимдерине эч кандай ыкчамдуу, эффективдүү көзөмөл иш-аракеттер жүргүзүлбөстөн, соттолуучулардын арыздарын колдоорун, каршы пикирлери жок экендиги түздөн-түз ачык көрүнүп турат. Прокуратуранын алсыздыгы, чечкиндүү эместигин жана көзөмөл жок экендигине дуушар кылган, түрткү кылган адам бул М.Арабаев. Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.Архаровага буйрук бергени менен чектелип калбастан, башкы прокурордун орун басары Л.Усманова аркылуу Жогорку сотто катышкан прокурорлор жана алардын башчыларына басым кылып, кылмыш ишти тергөөгө жөнөткөнгө аракеттерин кылган. Бирок, биздин бир нече арыздарыбыз тийиштүү органдарга жетип, көзөмөлгө алынган. Акыры кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн жана аны кароо судья А.Сариевге дайындалган.

Ошентип, соттук кароо 2018-жылдын 30-майына дайындалган. Соттук кароо башталардын алдында соттолуучулардын жактоочусу А.Бакировдон мыйзамга туура келбеген, негизсиз өтүнүч келтирилген, анын мазмуну боюнча: карап жаткан кылмыш ишти Октябрь райондук сотунан карабастан, аны Ош облусунун райондук сотуна жөнөтүүнү суранышкан. Себеби, кылмыштуулук Ош жергесинде болгон жана жабырлануучулар, күбөлөр Ош жергесинде жашайт деген дооматтарга таянган.

Жогоруда келтирилген өтүнүч, соттолуучулардын мурдагы жактоочулары И.Айткулов, К.Загибаев жана А.Мамбетакуновдор 2017-жылда Октябрь райондук сотунда төрагалык кылган судья К.Архарованын мезгилинде ушундай өтүнүч келтирилген. Бирок, ал өтүнүч каралып, канааттандыруусуз калтырылган. Ошол соттун чечими соттолуучулар тарабынан кассация жана көзөмөл иретинде Бишкек шаардык сотунда, ошондой эле Жогорку сотто каралып, биринчи соттун чечими күчүндө калтырылган. Ал эми соттолуучулардын арыз-даттануулары канааттандыруусуз калтырылган. Судья А.Сариев кылмыш иштеги Жогорку соттун чечимин эске албастан, ал өтүнүч мурда үч соттук инстанцияда каралгандыгына карабастан, жактоочу А.Бакировдун өтүнүчүн кабыл алып, канааттандырган. Мыйзамга ылайык бул келтирилген өтүнүч сот тарабынан каралбашы керек эле. Мурда мындай өтүнүч каралып, сот чечими кылмыш ишке тиркелген. Бирок, судья А.Сариев мыйзамдын талаптарын одоно түрдө бузуп, мыйзамсыз чечим чыгарган. Ал эми ошол соттук отурумда Октябрь райондук прокуратурасынын мамлекеттик айыптоочусу М.Бопонов өзүнүн милдетин так аткарбастан, соттолуучулар К.Кадыралиевдердин жактоочусу келтирген өтүнүчүн четке какпастан жана каршы пикирин айтпастан алардын өтүнүчүнө кошулуп жактоочу болуп, иш-аракеттерин көрсөткөн, прокурордук позициясын айтыштын ордуна соттун кароосуна калтырып, жабырлануучулардын каршы пикирлерин колдобогон.

Жогоруда аталган кылмыш иш соттук кароодо тоскоолдук болушуна, соттун созулушуна, мыйзам талаптарынын бузулушуна жана жабырлануучулардын укуктарынын бузулушуна түздөн-түз М.Арабаев, Л.Усманова, судьялар А.Алиев, К.Архарова, А.Сариев жана бул ишке катышкан мамлекеттик айыптоочулар тарабынан болуп жаткандыгы айдан-ачык көрүнүп турат жана сотто катышкан тараптарга баардыгына маалым. Ошондуктан, жогоруда аталган дооматтарга терең көңүл буруп, мыйзамдын негизинде иш-аракеттериңизди жумшап, биздин арызды карап берүүңүздү өтүнөбүз. Андан тышкары иш боюнча баардык жабырлануучулар өзүлөрүнүн арыздары менен соттордун иш алып баруусуна канааттандырылбастан жана чечимдерине макул болбостон тийиштүү органдарга кайрылып келүүдөбүз. Тилекке каршы, биздин арыз-дооматтарыбыз жеткиликтүү деңгээлде каралган жок. Акыры акыйкаттыкты, чындыкты издеп, сиздерге кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Себеби, жогоруда аталган соттордун иш  аракеттери менен чечимдеринен кийин сот органдарынан ишенич кетип, кийинки соттук кароолор адилеттүү чечим чыгарышына ишенбей жатабыз. Азыр баардыгыбыз билгендей сот органдарында коррупция өтө өнүгүп келүүдө.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизден суранабыз, биз сизге ишенебиз, сиз коррупцияга, бандитизимге, каракчылыкка жол бербейсиз. Мындай кылмыштарды өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алып, буларга өлкөбүздүн мыйзамынын негизинде өздөрүнүн тиешелүү жазасын берип, элибиздин коопсуздугуна жана бакубат жашоосуна толугу менен жооп бере аласыз деп ишенебиз.

Сизди терең урматтоо менен жабырлануучулар:

А.Келдибаев, М.Ж.Жолдошов , Л.Матхаликова, А.Бекташов

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: