Menu

Автандил Кулбараковдун айтканы туура болууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште депутат Абтандил Кулбараков номур биринчи бортту жаңылаш керек деген маселени көтөргөн. Анын айтканын башка өңүттөн карагандар, депутатты жагалданма, башка бирөөнүн түрткүсү менен айтып жатат деп тескери кетишкен. Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун кезектеги жыйынына катардагы эле самолёт менен учуп барып келди. Бул кадамды пиар үчүн жасагысы келбесе керек. Каражатты үнөмдөөгө жасаган аракети деп түшүнсө туура болот го. Бирок, ошондой чоң жыйындарга, расмий визиттерге эгемендүү өлкөнүн президенти болуп жаткан соң номур биринчи борт менен учуп барса өлкөнүн имиджи үчүн жакшы эмеспи. Азыркы номур биринчи борт эскилиги жетип калганын көпчүлүк биле бербейт. Андан сырткары бизди Европа менен АКШ кара тизмеге киргизип, учактарыбызды кабыл албайт. Алар деле коопсуздукту биринчи орунга коюп жатканын неге аңдабайбыз. Кулбараков деле негизги маселе катары коопсуздукту айтып жатпайбы. Ал азыр эле учакты жаңылай салалы деген ойду карманган жок. Кулбараковдун көтөргөн маселеси туура экени убакыт өткөн сайын далилденет.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: