Ырчы Каныкей 24-сентябрда кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына төрөт үйүнөн чыгып жаткандагы сүрөтүн киргизип, «Жакшы тилек – жарым ырыс. Кудай буюруп кыздуу болдук»,-деп жазган. Ырчынын кесиптештери жанажакындары «Кыргыз эли сыймыктанган кыздардан болсун»,-деген каалоолорун калтырууда. Ырчы Каныкей кызына Акмарал деген ысым ыйгаргандыгын билдирди. 26-сентябрь күнү ырчы үйүнө чыгып келген. Учурда эне-баланын ден соолуктары жакшы. Бешик бооңор бек болсун демекчибиз!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ