Menu

Гүлнара Каримованын кызы Ташкенттен Лондонго учуп кеткени айтылууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси, Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова Ташкенттен Лондонго учуп кетти. Бул тууралуу дүйшөмбүдө “Фергана” агенттиги жазды.

“Фергана” мындай бүтүмдү анын Инстаграм аккаунтундагы фотобаянга таянып чыгарган.

Сүрөттөрдүн биринде учуп-конуу талону көрсөтүлгөн. Анда Имам Каримова 28-сентябрда “Өзбек авиалиниялары” аркылуу Лондондогу Хитроу аэропортуна сапар алганынын билүүгө болот.

Учуу алдында аэропорт кызматкерлери Иман Каримованын компьютерин дыкат текшеришкен, буга байланыштуу учак бир жарым саат кеч учкан.

Лондондо Имамдын улуу агасы Ислам Каримов жашайт. Алардын апасы Гүлнара Каримова арам акчаларды адалдоо айыбы менен соттолгон. Ага карата бир нече Европа өлкөлөрүндө да иш козголгон.

Гүлнара Каримова буга чейин Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинде иштеп, бизнес менен алектенген. Убагында аны Борбор Азиядагы эң таасирдүү айым деп аташкан. 2012-жылы өзбек бийлиги Каримованын көзөмөлүндөгү телеканал, радиостанцияларды жапкан, кийинчерээк президенттин кызы камалган. Каримова атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыштырылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: