Menu

Беларус Данияр Үсөнов боюнча КР Башкы прокуратурасына жооп бере элек

Бөлүшүү:

Беларус мурдагы премьер-министр, азыр издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жооп бере элек.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Куватованын  билдиргенине караганда, беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган.

Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземинде тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып, бирикменин директору болорун билдирген.

2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан. Бирок Башкы прокуратура бул боюнча иш жүргүзүүнү улантып жатканын билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларустун расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү тууралуу Минскке нота жөнөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: