Бүгүн, 6-майда белгилүү болгондой Ысык-Көлгө бараткан жолдогу Боом капчыгайында жайгашкан «Foodzone» ашканасынын имаратына орнотулган рак балдар үчүн кайрымдуулук үкөгүнө жыйналган акчаны белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул тууралу Help the Children-SKD кайрымдуулук фондунан билдирүү таратышты.
Бул кылмыш ашкананын видеокамерасына түшүп калгандыктан аталган фонд шектүү адамдардын видеосун жана сүрөттөрүн социалдык тармактарда таратып, аларды тактоого жардам берүүнү суранып кайрылышкан.
https://www.youtube.com/watch?v=95SrMuifkEA&t=25s
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ