Menu

Алтай Бөрүбаев, академик: «Абай иним акталарына мен толук ишенем»

Бөлүшүү:

Белгилүү киноактер Талгат Нигматулиндин өлүмүнө айыпталган кыргыз жигити Абай Бөрүбаевдин балалык чагы, өмүр таржымалы, күтүүсүз окуядан кийин кабылган оор тагдыры ж.б. тууралуу академик Алтай Бөрүбаев мырзанын маегин өткөн айларда сандан-санга жарыялаганбыз. Бүгүн ошол кепти жыйынтыктап турабыз. Баса, Алтай Асылкановичке Европадан эң чоң сыйлыктын бири «Эл аралык Сократ» наамы ыйгарылыптыр. Агайды дүйнөлүк интеллектуалдык элитанын катарында ардактуу орунду ээлеши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Эмесе кеп кезеги Алтай Бөрүбаевде:

–Абай абактан чыккандан кийин менин үйүмдө жашады. Апам да жаныбызда эле. Күндө чыгып шаар кыдырды. Абдан өзгөрүптүр деп суктанды. Өзгөчө агропромдун курулганын айтып мактады. Эркиндик бульварындагы өзү окуган мектепке барып мугалимдерине жолугуптур. Эртеден кечке өйдө-ылдый басып бульварда жүрдү. Мен бир күнү дем алышта машинемди айдап алып барсам, Совет көчөсүндөгү көпүрөдө жалгыз туруптур. Тагдырына ичинен кайгыргандыр, бирок өңүндө бизге билдирбеди. Бала кезден эле таза кийинчү, бирок мода кубалаган жок. Диндин артынан түшкөн фанатик дагы эмес эле, орозосун кармап, жума намазга барып турду, бирок беш маал намаз окучу эмес.

Москвада өзү тууралуу жазылган материалдарды алдырып окуптур. Кыргызстанда каралап жазгандардын мен тиркеп жүрдүм эле, баарын бердим. Ушундай бир кейип: «Бул дүйнөдө акыйкаттык жоктугун билгенмин, бирок мынчалык жалган жазат деп ойлобоптурмун» деди. Ал жерде мынча жолу бычак сайган, ваннага салып кыйнаган деп жазылгандар бар эле. Үстүмдөн жазылган арыздарды дагы көрсөтсөм, «Байке сага айткам, кыйын болот дегем, бирок жолуң ар дайым ачык турат, өзгөчө илим жаатында чоң ийгиликтерге жетесиң, чоң-чоң сыйлыктарды аласың» деген. Айткандары келип жатат, былтыр Москвадан «Звезды содружествону» алдым, быйыл Европа «Сократ» сыйлыгын ыйгарды. 2013-жылы Оксворддон «Дүйнөнүн чыгаан илимпоздору» наамын алып, Ньютон баштаган окумуштуулардын катарына 89-номерде катталдым.

Эң кичүү Тагай деген инибиз мектепти жакшы окуду, университетти абдан мыкты бүтүрдү. Экономист кесибине ээ болду. Армияда жакшы жүрүш турушу үчүн деп командиринен кат алып турдук. Бир күнү кичине кызуураак келген экен Абай абдан кайгырды. Ал кеткенден кийин апам экөөбүзгө: «Жакында Тагай инимдин колунда көп акча болот, бирок үстүн кара булут каптайт» деди. Жашырган менен не, Тагай иниме жардам берип жумушка орноштурдум. Бажыда иштеди. «Акжол» бекетин башкарды. Ал жакта акча көп болорун элдин бары жакшы билет. Үйдөн үйдү алды. Үйлөндү, түрлүү машина минди. Айтор, жашоонун бөлөк образына кирип кетти, менин алым жеткен жок. Экөөбүздүн ортобузда бир тыйын алыш-бериш жок эле. Инимди акча бузду окшойт. Анан жаш кезинде сарык менен ооруган экен, күчөп, түбүнө жетти. 2005-жылы 40 жашында айрылып калдык.

Бир күнү Абай жарк этип көңүлү ачылып: «Апа сиз көп жашайсыз, 60, 70 жылдык юбилейиңизди өткөрөсүз, аны агам өткөрүп берет» деди. Чын эле экөөсүн тең өткөрдүм, апам тойдон кийин: «эки дүйнөдө ыраазымын» деди. Абай 80ди айткан эмес, билген экен, 80ге таяп барып өттү. Өзү да: «Мен көпкө узабайм. Тагдырым чечилген. Кудай берген өмүрдү Кудай алат. Байке мени шаарга эмес, Таласка койгула. Мага чоң эмес, жупуну эле эстелик кой» деген. Аманатын аткардым. Азыр баары; чоң атам, чоң апам, атам, апам, эки бир тууган иним бир жерде. Бирок, эстелигин жупуну кылалган жокмун, бардыгы заңкайып турса кичинекей эстелик койгум келбеди. Абай 40 жашында кетти. Оорчулуктун баары мага түштү. Апамды да, инилеримди да мен көмдүм. Иттей оор экен. Менин аталаш туугандарым да жок. Жек-жаат, куда-сөөк бар, бирок жакын тирегиң жок болсо өтө кыйын экен. Кудайга шүгүр, улам жакшылык жаап жатат.

Абайдын эч кимге жамандыгы жок эле. Адамдарга жакшылык гана кылайын деген жигит эле. Адамды эмес, кумурсканы да өлтүрө алчу эмес. Мен таптакыр ишенген эмесмин, кийин соттун жүрүшүндө дагы күнөөсү жоктугуна күбө болдум. Сотко келгендин күбөнүн бүт бардыгы Абайдын күнөөсү жок деди. Айыпталгандар биз тептик, Абайдын күнөөсү жок деп ачык айтты. Орус досторуна ошондо таң калдым. Бир гана Кымбатбаев дегени сабатсыз, саясат менен иши жок коркок киши экен, эмнени айт десе аткарып, туура эмес көрсөтмөлөрдү берди. Ал эми Талгат Нигматулиндин аялы Венера Нигматулина: «Абай андай тапшырма бербейт, мен ишенбейм» деп чыркырады. Джуна Давиташвили да Абай ак экенин айткан, анын баары соттун протоколдорунда турат. Бирок, күчкө салып 10 жылга кесип жиберди. Көрсө, себеби башкада экен, аны кийин турмуштун жагдайына жараша билдим.

Мен аспирантурада окуп жүргөндө В.Федерчук деген орус жигит менен таанышып, жан курбудай жакшы мамиледе жүрдүк. Ал докторантурада окучу, менден 5 жаш улуу эле. Андан консультация алып турчумун. Мага жакканы, ал эч бир басынтпай, кемсинтпей мамиле кылчу. Кийин МГУда кафедра башчысы болду, катышып жүрдүк, 70ке чыгып көзү өттү. Окуп жүргөн маалда анын үйүндө отурсак, атасы келип таанышып калды, КГБны жетектеген генерал В.Федерчук экенин ошондо билдим. Отставкада жүргөн маалы экен. Менин фамилиямды угуп, «Абай Бөрүбаевди билесиңби» деди. Менин бир тууган экенимди айттым. Көпкө ойлонуп отуруп, анан А.Бөрүбаев Андроповдун экстрасенстерди жоготкула деген тапшырмасынын негизинде соттолгонун айтып берди. Дүйнөлүк деңгээлдеги чоң мелдештердин биринде СССР жеңилип, ал экстрасенстердин айынан болгону айтылгандан кийин Андропов күч органдарына түз тапшырма берген экен.

Ишти баштаганда эле Талгат Нигматулиндин өлүмү болот. Иликтей келгенде экстрасенстердин уюму болуп чыгат. Анан көзү ачыктардан кутулуш керек деген жогор жактын тапшырмасынын негизинде күнөөсү жокторду дагы бир иштин ичине байлап туруп, баардыгын соттоптур. Мен муну генерал Федерчуктун өз оозунан уктум. Ушундан кийин Абай иним ак жеринен соттолгонуна толук ынандым. Эмне себептен гезиттерге атайын тапшырма берилип, жалган нерселер менен каралагандыгынын төркүнүн билдим. Көрсө, экстрасенс дегендерди биротоло коомдон тазалаганга аракеттенген экен. Аябай кысымга алып, куугунтуктап, камай баштаган маалда Андропов ооруду, анан көзү өттү. Мунун көп версиясы айтылып жүрөт, алардын бири экстрасенстер өздөрүн сактап калуу үчүн жасады деген сөз бар. Алар келечекте ачыкка чыгат.

Акырында айтарым, Абайдын эң негизги максаты оруулуу кишилерге жардам берүү эле. Адамдарды айыктырууда медицинадан бөлөк да жол бар экенин, аурасы, биоталаасы менен, ошондой эле дары чөптөр, жакшы сөз ж.б. аркылуу дарыласа боло тургандыгын далилдегиси келген. Уюмун «4-жол» деп атагандыгынын мааниси ошондо турат. Аны ишке ашырыш үчүн институт ачып, максаты ишке ашпай калды. Ачылган күнү каргашалуу окуя болуп, камалып кетти. Катаал системада тагдыры талкаланып калды. Инимдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Эртеби, кечпи чындык чыгып, Абайдын акталаарына мен толук ишенем.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: