Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиевдин үйүн тинтүүгө уруксат берген Финполициянын тергөөчүсү иштен четтетилди

Бөлүшүү:

Депутат Кубанычбек Жумалиевдин үйүнө тинтүү жүргүзүүдө мыйзамды бузган Финполициянын тергөөчүсү Наргиза Артышева иштен четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Такталбаган маалыматтарга караганда, сот залындагы судьялар тергөөчүгө карата жеке чечим чыгаргандан кийин, Артышова бул чечимге макул эместигин айтып, нааразычылыгын билдирген.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=3317738274955271&set=a.826086300787160&type=3&theater

Белгилей кетсек, Финполиция тарбынан Жогорку Кеңештин депутаты К. Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда Кубанычбек Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле, Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: