Menu

Назарбаев Казакстанда элдик товар өндүрүшүн колго алууга чакырды

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Астанада “элдик колдонуу товарларын” өндүргөн ишканаларды колдоо зарылдыгын билдирди.

Назарбаев өкмөт чиновниктерине жана депутаттарына кайрылып жатып: «Элдик колдонуу товарларын өндүрүүгө мезгил жетти. Биз муну унуттук. Эгер азыр силердин үстүңөрдөгү чет өлкөлүк кийимдерди алып таштаса, жылаңач отуруп каласыңар. Бизде костюм да, көйнөк да чыгарууга болот. Бүгүн жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоого убакыт жетти», – деди. Назарбаев казакстандыктар байып, бааларга көңүл бурбай калганын кошумчалады.

Казакстан президентинин айтымында, импортко болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн экспортко багытталган экономиканы куруу керек.

«Биздин соода саясатыбыз алсыз болбошу керек… Беларус өзүнүкүн кандай коргой турганын билесиздер. Кыргызстан кандай күрөштү. Биздикилер үн чыгарбайт, эч ким менен талашпайт. Себеби жогорку жетечилик гана кимдир бирөө менен талаша алат деп көнүп калышкан. Ар ким өз милдетин аткарып, бизнесибизди коргоп, башка өлкө базарларына кирүү үчүн жумуш алып баруу керек», – деди Назарбаев.

Президент алдыдагы үч жылда жеңил өнөр жайды колдоо үчүн кошумча 500 миллиард теңге (1,35 миллиард доллардан ашуун) бөлүү керектигин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: