Menu

Депутаттардын арасында баары эле “көк мээ” эмес, арасында Алтынбектери да бар

Бөлүшүү:

Азыркы 120 депутаттын арасынан эл ашып кетсе жыйырма-отузун эле тааныйт. Тааныса дагы көбүнчөсүн сыйлабайт, жаман көрөт. Жаңы шайланып келгендердин, мурун атагы чыкпагандардын арасынан жаш депутат Алтынбек Жунус уулу айырмаланып чыга алды. Өзү “Өнүгүү” партия жетекчиси Бакыт Төрөбаевди колдоп, анын башына эң оор кыйынчылыктар түшкөндө жанында эркекче туруп берди, сатып кеткен жок. Өзүнүн колунда бизнеси дагы бар, бирок бийликтен коркпой Атамбаев сунуштаган Конституция долбооруна 2016-жылдын күзүндө каршы добуш бергенде эле “бул жигиттин саясатта жолу бар экен” деп Өмүрбек Текебаев жана Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу аксакал депутаттар ыраазы болушкан. Оппозиция депутаты болуп турса дагы, Алтынбек бийликтин тилин таап, мамлекеттик ишти жүргүзүп атат. Акыркы эле жумада Жогорку Кеңештин транспорт боюнча комитетинин мүчөлөрүн алыскы Ат-Башыга алып барып келди. Өмүрүндө асфальт көрбөгөн айылдарда кадимкидей жолдору чаңдабай калганына жердештери дагы ыраазы. Мындан тышкары мектептер дагы ку

рулууда. Атбашы айылындагы көпүрө бир эле машине өтчүдөй кылып оңдолгон болсо, буюрса, Алтынбектин аракети менен эмки жылы кеңейтилгени да калды.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: