Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү практикант кыздын колуна кишен салып тийишкени тууралуу Башкы прокуратурага 17 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.
Арызда ал окуя 5-декабрда Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн имаратында болгону жазылган. Андагы тергөөчү практикага келген жаш кызды кабинетине киргизип, эшикти бекитип, колуна кишен салып, тийише баштаган. Студент кыз ошол жерде практикада жүргөн курбусуна жазганга үлгүргөн. Курбусу милицияга билдирип, алар менен бирге жардамга жетишип калган. Бул боюнча кыз Токмоктогу прокуратурага арыз жазган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ