Menu

ИИМ: Акыркы 2 жылдан бери бир нече банктарды, дүкөндөрдү жана акча алмаштыруучу жайларды миллиондогон сомдорго тоноп жүргөн каракчылар кармалды

Бөлүшүү:

2020-жылдын 19-январь күнү Бишкек шаарынын, Москва көчөсүндө жайгашкан, “Сенсон Гранд” ЖЧКсына таандык “Орион” акча алмаштыруу пунктуна, эки азиат улутундагы, белгисиз адамдар кирип келип, тапанча колдонуу менен кассирге карата күч колдонуп, 3 784 546 сом акчасын карактап алып чыгып кетишкен.Ошол эле күнү бул факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

2019-жылдын 26-ноябрь күнү саат 08:50 чамасында Бишкек шаарынын,6-кичирайонунда жайгашкан, “Эко Исламик Банк” ЖАКнын филиалынын имаратына, эки белгисиз адамдар, беттерине бет кап кийип, тапанча менен кирип келип, күзөтчүсүнүн колу бутун байлап, травматикалык тапанчасын алып, андан кийин касса бөлмөсүнөн 1 536 365.50 сом акчаларын карактап алып чыгып кетишкен. Ошол эле күнү бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

2020-жылдын 12-июнь күнү саат 13:00 чамасында Бишкек шаарынын, Манас проспектисинде жайгашкан, ААК “Керемет Банк-Бишкек” имаратына, эки азиат улутундагы, 35-40 курактагы, белгисиз адамдар, беттерине ак медициналык бет кап кийип, тапанча менен кирип келип, кассирге күч колдонуп, касса бөлмөсүндөгү сейфтен 728 990 сом, 6 956 АКШ доллар, 1 485 Евро, 442670 рубль, 24500 тенге акчаларын карактап алып чыгып кетишкен. Ошол эле күнү бул факт Бишкек шаарынын ИИББнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

2020-жылдын 23-июнь күнү сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында “Сенсон Гранд” ЖЧКсына таандык “Орион” акча алмаштыруу пунктуна, 6-кичирайонунда жайгашкан, “Эко Исламик Банк” ЖАКнын филиалынын имаратына жана Манас проспектисинде жайгашкан, ААК “Керемет Банк-Бишкек” имаратына карата жасалган үч каракчылыктардын бети ачылып, бул кылмышты жасаган 1975-жылы туулган А.С. жана 1983-жылы туулган А.Н.кармалды.

Тергөөнүн андан аркы жүрүшүндө кармалган жарандардын жашаган даректерине кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлүп, жалпы 284 500 сом жана 100 АКШ доллар акча каражаты, “Макарова” үлгүсүндөгү 8 даана огу менен тапанча, “Макарова” үлгүсүндөгү 7 даана резина огу менен травматикалык тапанча, өзүнчө сакталган 14 даана ок жана башка ишке тиешелүү буюм далилдер табылып алынган.

2020-жылдын 25-июнунда Свердлов райондук соту тарабынан шектүүлөр А.С. жана А.Н. эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. Ошентип бүгүнкү күндө кармалган адамдардын акыркы убакта коомчулукта резонанс жараткан төмөндөгү өзгөчө оор кылмыштарга катыштыгы бар экендиги тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды.
1. 2019-жылдын 11-сентябрь күнү “Престиж” акча алмашыруу пунктунда 70 000 сом акча каражаты каракталган фактысы боюнча;
2. 2019-жылдын 7-ноябрь күнү “Мебель Малайзии” эмерек дүкөнүндө 60 000 сом акча каражаты каракталган фактысы боюнча;
3. 2019-жылдын 26-ноябрь күнү “Эко Исламик Банк” филиалынан 1 536 365, 50 сом акча каражаты каракталган фактысы боюнча;
4. 2020-жылдын 19-январь күнү “Сенсон Гранд” акча алмашыруу пунктунда 3 784 546 сом акча каражаты каракталган фактысы боюнча.
Азыркы учурда аталган фактылар боюнча келтирилген материалдык чыгымды өндүрүү, алынган буюм далилдердин келип чыгышын аныктоо багытында тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: