Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «Сооронбай Жээнбеков күтүлбөгөн, чечкиндүү кадамдарды жасоосу керек, Атамбаевдин штабы активисттерди бирден чакыртып, мобилизация кылып атканы чын»

Бөлүшүү:

— Эдил мырза, сиз бүгүнкү президенттин саясатын колдоп келатасыз. Азыркы саясатта кемчиликтер барбы? Бийлик кандай кемчиликтерге жол берүүдө?

— Биринчиден, мен азыркы президентке добуш берген эмесмин. Анын шайлоо кампаниясы “Биз Атамбаевдин жолун улайбыз” деген лозунг менен өтүп жатса, мен канча жылдан бери Атамбаевди сындап келсем, кантип анын жолун колдоого алмак элем? Бирок, Сооронбай Шариповичке жайында өткөн тегерек стөлдө өзүнө “сиз шайлангандан бери жактоочуларыңыздын санын үч-төрт эсе көбөйтө алдыңыз” деп айтканымдай, мен дагы Жээнбековдун биринчи кадамдарынан кийин үмүтү жаралган жердештердин катарындамын. Экинчиден болсо, демократиянын эрежеси ошондой. Жаңы шайланган бийликке биз баш ийишибиз керек, ага мүмкүнчүлүк берип, өзүн көрсөтүүгө жолтоо болбой. Мисалы, мен Бакиев жаңы шайланганда дагы колдоп чыккам, андан кийинкилерин айтпай эле коёюн. Кээ бирөөлөр ошол күндөрү дагы “Байсалов кошомат кыла баштады, кызмат үмүт этип атат” деп айтышкан. Жок туугандар, мен дагы бир жолу кайталайм, демократиянын эрежеси шайлоодон жеңип чыктыбы талапкер, аны таанып, куттуктап, четке чыга турганыбыз оң, ишке киришип, кандайдыр бир өзүнүн жолун таап, анан жыйынтыктарын көрсөтө алышы керек. Эч нерсе боло электе эле сын айтып, кыр издегенибиз туура эмес болот. Кемчиликтер албетте бар. Ансыз болбойт. Негизгиси, объективдүү көрүнүш. Биздин саясаттын жана мамлекеттик башкаруунун деңгээли өтө төмөн түшүп кетти акыркы он-он беш жылдын ичинде. Өзгөчө, Атамбаевдин жылдары. Бул кадрдык саясат, борбордо, жер-жерлерде болуп аткан башаламандык. Парламентаризм деп атып, мына өкмөткө итбай-чотбайдын баары бирден иштеп чыкты, министр болуу бул өзүнчө эле оюнчук болуп калды. Айыл өкмөт, райондук акимдерди айтпай эле коёюн. Ушул деңгээлден Сооронбай Жээнбеков мекенибизди көтөрө алабы? — ​бул чоң суроо. “Кыргызга боло берет” деп кадрдык башаламандыкты уланта берсек, анда канча өзү аракет кылбасын, ийгиликке жетише албайт. Баягы эле “разбитое корыто” болот.

— Атамбаев “Соке досунун” катачылыгын күтүп олтурат” деген маалыматтар бар. Сооронбай Жээнбеков катачылыкка жол берсе мурунку президент ошол учурду пайдаланып, элди толкутууга бел байлай алабы?

— Катачылыктын деле кереги жок. Ушул эле темп менен иштер уланса, “жетишкендик жок, үмүт акталган жок” деген эле сөз жетиштүү болот. Бул боло турган эле иш. Анткени, жазында канча эл эки-үч жуманын эле ичинде Сооронбай Жеенбековду идеал катары тутуп, анын тарабына ооп кеткен болсо, ошончо эле оңой “бул баягы эле турбайбы” деп, жаман көрүп баштайт. Андай пикирди жаратыш үчүн Атамбаевдин колунда эбегейсиз күчтүү телеканалдары да бар. Экономикабыз Атамбаевдин башкаруусунун кесепеттерин далай чегет деп эчак эле айтканбыз. Өндүрүш жок. Жеке өзүбүз экономикалык көзкарандысыздыгыбызды, саясатыбызды, бүт рычагтарды Москвага, ЕврАзЕСге өткөзүп берип койдук. Бизди “колониалдык рынок” десе болот. Беларусь же Казакстандай өзүбүздүн дыйкандарыбызга субсидия бере албайбыз, анан кантип алардын рыногуна кайсы өзүбүздүн продукциябыз атаандаштык баа жана сапат менен чыга алат? Россия санкциялардан улам келерки жылдары экономикалык стагнациядан чыкпайт. Мындан да күчөйт кризис. Мына азыр эле рубль сомдон дагы арзан түшүп калды. Мигранттардын салган акчасы дагы азайды. Атамбаев ачык эле кирген кишиге айтат экен: “мен алган кредиттер түгөнөт, эч ким акча бербейт Сокешге” деп. Ошону айтып атпаймбы, катачылыктын деле кереги жок. Ошол Атамбаевдин кадрларынын баары азыркы өкмөттө. Ошолор мурункудай эле күн өткөзүп, “өлбө жаным, өлбө”, “кудай буюрса” деп иштемиш боло бергендери жетиштүү. Азыркы учурда секерик жасоо керек. Атамбаевдин жана анын “акылдуулары” жазган кезектеги кагаз бетиндеги “стратегиялык” программалары эмес. Күтүлбөгөн, чечкиндүү кадамдарды жасоо зарыл. Толугу менен саясаттын жана экономикабыздын табиятын өзгөртө турчу.

— Азыр Жээнбековго каршы турчу оппозициялык күч жокко эсе. Саясат ушул темпте кете берсе кимдер оппозициялык күчкө айланышы мүмкүн?

— Өзүңүз айткандай, негизги сынчы жана оппозиционер “номер один” — ​бул Атамбаев. Андан башка душман жок азырынча бул бийликте. Парламентте дагы, анын сыртында дагы баары эле колдогонсуйт Жээнбековду. Аны колдобосо дагы, Атамбаевге каршы чыгат. Феликс Кулов дагы жакында айтты го “Это будет его последняя песня” деп. Атамбаевдин кандайдыр бир мыйзамсыз бийликти басып алуу же төңкөрүш кыла турган аракети боюнча. Негизинен, саясий күчтөрдүн эмки сыноосу бул 2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоо. Ким кайсы колонна менен чыгат, ким өтөт, ким өтпөйт, кандай өкмөт андан кийин түзүлөт? Бул ошондо чечиле турчу суроолор. Ага чейин бийликтин 100 пайызы, эки тизгин, бир чылбыры азырынча президенттин колунда.

— Атамбаев саясатчыларды кезек-кезеги менен кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Саясий салмагы барларды өзү жакка тартып кетүүгө чамасы жетеби?

— Тартып атат. Кээ бир моралы жок саясатчылар барып “иштешибиз керек” деп айтышууда. Мен “Кыргыз элинин келечегин саткан адамдын орду түрмөдө, аны менен сүйлөшө турган сөз жок” деп кесе айттым. Кирген кишиге “кечир мени, жаңылдым, шоопур шоопурлугун кылыптыр, сени алыстаткан ошо” деп айтат экен. Жаш баланы алдачудай. Албетте, бир канча киши акчасына азгырылат. Бул боло турган эле иш. Акыркы бир канча жумадан бери штабы кадимкидей мурун иштеп жүргөн активисттерди бирден чакыртып, мобилизация кылып атканы дагы чын. Ошол орто катмардын, жер жерлерде пикир жаратчу лидерлердин ооп кетиши коркунучтуу. Бирок бул Атамбаевдин чамасына же азыркы абалга көз каранды эмес. Жээнбековдун саясаты тез арада көрүнүктүү ийгилик жарата албаса, албетте, Атамбаевдин сөзү чын чыгып, анын авторитети өсө баштайт.

Суроо салган Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: