Menu

Руслан Акматов контрабандачылар менен команда түзүп алганбы?

Бөлүшүү:

Дары-дармек департаментинде Руслан Акматов деген кызматкер иштейт. Жөнөкөй кызматкер эмес, директордун бакыйган орун басары. Сырттан кирип жаткан препараттарга уруксат бере коймой өнөрү бар. «ФС-1» деген биокошулмага да уруксат бере салып, клиникалык сыноодон 2 жараныбыз каза тапкан. Башкы прокуратура иш козгогон. Тилекке каршы, Акматовдун жоопкерчилиги каралбай калгандыктан, ал дагы деле жогорку кызматты ээлеп, далай токтомдорду токуп, сыр бербей сыпайы тартып, мекеменин мээнеткечи катары көрүнгүсү келип жүргөн чагы. Дары-дармек каражаттары тууралуу мыйзамда, препараттарды жана медициналык техниканы аптекалардан тышкары жерлерде сатууга тыюу салынган. Бирок Акматовдун жоопкерчиликсиз мамилесинен сертификатсыз препараттар ар кайсы бурчта сатылып, контрабанда болсо эбегейсиз өсүп жатат. Акматов учурда дары-дармек департаментинде өтө чоң укукка ээ, коп маселеге колу жеткен кызматты мыкчып олтурат. Эгер, мамлекеттин кызыкчылыгы, калктын саламапыгы үчүн иш алып барганда, элдин эсин чыгарган «ФС-1» препаратына уруксат бербейт эле. Контрабанданын жолун тосуп, ага каршы күрөшмөк. Препараттар дарыканаларда бирдей баада сатылмак. Жарандарыбыз сатып алган дарысынын сапатына ишенмек. Өтө өкүнүчтүүсү, азыр элде андай ишенич жок. Андыктан, Акматов алган айлыгын актай турган, мекенчил, таза кадрларга жол бошотууга тийиш.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: