Menu

Атамбаев эми Сегизбаевге жолукса: “көзүң жылуу учурайт, сен ким элең?” дейт..

Бөлүшүү:

Негизги алкактан караганда Кыргызстан алакандай эле мамлекет. Андыктан кандай гана жаңылык болбосун, тез эле жел менен жарышып Ала-Тоону аралап жөнөйт. Демек, «укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба» деген таасын кептин төркүнүн ушу жакта жаткандай. Маселен «Арашандагы» үйүндө таарыныч, өкүнүч, санаркоо менен өмүр сүрүп жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы деле «буулугуп» жатканын коргон-билгендер айта баштады.

Элдин назары президент Сооронбай Жээнбековго бурулуп, ажо баштаган демилгелерди оппозиция, позиция дебей жапырт колдой баштаган сайын Атамбаевдин ичинен «кан өтүп» жатканы байкалууда.

Ар кандай тар кызыкчылыктан улам Атамбаевдин «эшигин каккан» айрым экс-чиновниктер ат тезегин кургатпай Арашанга каттап жатканы да көпчүлүккө маалым. Эми буга капачылыгыбыз деле жок, ар ким каалаган үйүнө барат, каалаган адамы менен сүйлөшөт деңизчи.

Кызыгы АША «эшигин кагып» баргандарга, кайраттуу адамдын образында: —«Соке эч нерсени жасай албайт, ал ишке жарабайт. Муну түш үнгөндөр жакын да менин айланама кайрадан биригет. Кандай жол менен болсо да Албекти, Сапарды, Кулматовду сууруп чыгышым керек» – деп жер тепкилеп жатканы кандай?.. Алар чын эле «сүттөн» акпы? «Карга баласын аппагым» дегендей, минтип актаганга аракет кылганы кайсы логикага туура келет?..

Аны менен катар кезинде баардык саясий каршылаштарына кылыч болуп чабылган, «дзотко» төшүн тосуп берген УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаевден Алмазбек Атамбаев жүзүн буруп кеткени каңкууланууда. «Сары улактай садага чабылса да» баары бир деген маанайдагы бул аракети адамгерчиликтин кайсы түрүнө кирет? Бир кездеги пикирлеши Сегизбаевге Атамбаев кокустан жоолугуп калса, «Көзүң жылуу учурайт, сең ким элең карагым?» – дейт экен да…

Албетте, аны «ак кууга» теңеп, «Сегизбаев күнөөсүз наристедей таза, Абдил укмуштуудай принципиалдуу, кынтыксыз ак кызмат кылган»- деп айтуудан алыспыз. Бирок, Албек Ибраимов, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов өңдүү коррупцияга боюнча айыпталгандарга караганда ошо кездеги ажо такан милдеттерди аткарып, экстин жеке коопсуздугун, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылды. Бирок, адамдын жакшылыгын тез эле эсинен чыгарган экс-ажо бүгүнкү күнү Сегизбаевге далысын салган позицияга шарт өтүп кеткенине таң калгандар арбын.

Ошол эле мезгилде элдин ырыскысына кол салганы ашкереленип, камакка алынган Албек Ибраимов, Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовду колунан келишинче колдогону кызык. Бул кадамы менен ал өзүнүн да алардан эч кандай айырмасы жок экенин кашкайта далилдеп жаткан жокпу? Болбосо, кудай урган киши жемкорлорду колдойбу?

Бир кезде, айтылуу Өмүрбек Бабанов менен да Алмазбек Атамбаев абдан ынак болгон жагдайы бар. А түгүл кайсы бир жылы жайлата бири-биринин баксасында көлөкөлөшүп, моокумдары канганча бакчадан кулпунайды бирге жеп чыкканын өзү шардана кылып айтып чыкканы эсибизде. Аныгында, түркүн түстүү саясат «жолунда» Бабановду «башынан сылап» жакшы эле пайдаланды.

Азыр болсо, Фарид Ниязов «дирижёрлук» кылган Атамбаевчил медиа каражаттар «Сооронбай Жээнбеков качан Бабановду камайт» -деген кытмыр саясаттын таңуулай баштады. Мындан улам Атамбаев, Бабановдон да биротоло «жүзүн бурганын» боолголосок болот. Ток этер жерин айтканда Атамбаев акыркы жүрүштөрү менен өзүнүн «сымаптай кылтыңдаган» туруксуз адам экенин далилдеди. Эмне демек элек, «башы баш, багалчагы кара таш» да!

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: