Menu

Күнөөсүн моюнга алуу да эрдик

Бөлүшүү:

Экинчи ыңкылаптан кийин өлкөнүн баш прокурорлугуна отурган Аида Салянованын жылдызын Убактылуу өкмөттүн тизгинин колуна алган Роза Отунбаева болгону боюнча маалыматты көбү унутуп баратышат. Мунун деле жөнү бар эле. Анткени кыйынмын деп мурдун келтейткен эркек таналар Бакиев качып кете электе жүрөктөрү түшүп мамлекетти башкарууга кайраты жетпей койгон. Ошол эле Өмүрбек Текебаевдин, Алмазбек Атамбаевдин, Азимбек Бекназаровдун, Темир Сариевдин өлкөнү жетектөөгө дымагы жанбаганына көп себептер бар. Ошого таянып Роза апчебиз мына эмесе деп туруп Аиданы баш прокурорлукка дайындап салган. Негизи таянычы бар киши артына неге кылчактамак эле? Жаза баскандарды кабаттап туруп критке чаап салуудан Салянова айбыккан жок.

Оң жамбашка өзүлөрү эле илине калган “бригаданын мушкетерлорун” беренеге жөлөп туруп темир тор артына “саякатка” узатты. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдорду кыйла “боордокуга” байлап куп ийледи. Андан соң Текенин эпкини тийген Акматбек Келдибековду да таман алдына басып, бутун аксатты. Урмат Аманбаеванын, Нариман Тулеевдин да түшүнө кирип турду баш прокурор. Ушулардын баарысы мойнуна  алынган айып пулдарын казынага төгүп, азыр эркиндиктин авасын кеңири дем алып күпүлдөтө той берип жатышат. Тоскоолдук өтө чоң болгон үчүн Аида Салянованын иши кыскарбай, депутаттык мандатынан ажырады. Көрсө капчыктуулардын күчүнө тең келиш мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошентсе да экс-баш прокурор А. Келдибековдун кылмыш ишине өзү гана киришкенин, Атамбаев буйрутма бербегенин тастыктап берди коомчулук алдында. Күнөөнү моюнга алыштын өзү да эрдик. Териси жука эркектерге караганда бул айым дагы бир ирет кайраттуулугун көрсөттү. Кандай болгон күндө да турмуштук сынактан өтүштү окшойт баарысы.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: