Menu

Сооронбай Жээнбеков: Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган айылдарга турак жай жана социалдык объекттерди куруу суук түшкөнгө чейин бүтүшү керек

Бөлүшүү:

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн  жабыркаган айылдарга турак жай жана социалдык  объекттерди куруу суук түшкөнгө чейин бүтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районуна болгон жумушу сапарынын алкагында 2017-жылдын 3-5-майында болгон жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча министрликтер менен ведомстволорго берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышып чыкканда билдирди. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык жана Жекенди айылдарындагы оорукананын пайдубалынын түптөлүшүнө катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин диреткору Бакытбек Абдиев маалымдагандай, эки оорукана тең 15 орунга ылайыкталган.

Жергиликтүү элдер менен жолукканда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин колдоо сөзүн айтып, 2017-жылдын май айында Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон жер титирөөдөн жабыркаган социалдык объектилерди калыбына келтирүү маселеси анын жеке көзөмөлүндө тургандыгын билдирди.

«2017-жылдын 8-майында мен ири кыйроо менен жеринен таанышуу максатында Ош облусунун Чоң-Алай районуна келгенмин. Жумуш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жаратылыш кырсыгынан жабыркаган социалдык объектилерди жана турак жайларды калыбына келтирүү боюнча бир катар тапшырмалар берилген. Аталган тапшырмалардын көпчүлүк бөлүгү аткарылып, калган бөлүгү ишке ашырылуу алдында турат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга речспубликалык бюджеттен 1,4 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирди.

«Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 36,8 млн. сом бөлүнгөн. Анын ичинен 4 категориядагы турак жайы жабыркаган жарандар 50 миң сомдон, ал эми 5 категориядагы турак жайы жабыркагандар 100 алышты. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  турак жайы жабыркаган жарандарды «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» долбооруна киргизүү маселеси жактырылган. Алардын арасынан 642 жаран жаңы турак жайга муктаж болсо, 933 жарандын үйүн оңдоодон өткөрүү зарыл. Абалдын татаалдыгын эске алуу менен, жеке адамдарга берилген насыялар боюнча,  6 ай үчүн пайыздарды жана негизги суммаларды жеӊилдетилген мөөнөт менен жылына 7% га чейин төмөндөтүлгөн. Жабыркагандарга азыркы тапта жер тилкелери бөлүнүп берилген Төрт-Көл, Кароол, Кызыл Октябрь  жана  Куршаб айыл аймактарында жаңы турак үйлөр курулат», – деди  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Жергиликтүү тургундар Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнө жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Аны менен катар тургундар кыш жана башкар керектүү материалдарды  жеткирүүгө көмөк көрсөтүүнү, жолдо жаракалар болбошу үчүн күндүзү Ош – Сары-Таш – Кара-Мык авто жолундагы транспорт кыймылына чектөө киргизүүнү суранды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыш ташып келүү маселеси чечиле турганын билдирип, ал эми жол боюнча жакында арада  Чоң-Алай районуна Транспорт жана жолдор министрлигинен адистер келип, аталган авто жолдогу жүк ташуучу унааларга чектөө киргизүү тууралуу маселени карап чыгарын кошумчалады.

«Жүк ташуучу унааларга чектөө киргизүү маселеси абдан актуалдуу. Бул жерде көпчүлүгү тараза салмактык көзөмөл өткөрүү пунктунун ачык айкын иштешинен көз каранды. Адамдык факторду азайтуу максатында жакында Ош – Сары-Таш – Кара-Мык автожолуна тараза салмактык көзөмөл өткөрүү процесстерин онлайн режиминиде көзөмөлдөп туруу үчүн электрондук нөөмөт киргизилет. Бул тараза салмактык көзөмөл өткөрүү пунктунда тартипти жөнгө салып, оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү тартибин бир системага клтирүүгө жардам берет. Аталган долбоор өлкөнүн башка аймактарын иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө», – деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: