Menu

Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту алга жылдыруу боюнча мамагенттиктин макамы жогорулатылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту алга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиктин макамы жогорулатылды. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту алга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги болуп кайрадан түзүлдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон.

Аталган чечим 2018-2023-жылдарга «Жаны доорго кырк кадам» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын «Кыргызстанга инвестицияла» №9-Кадамын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган. Ага ылайык, чет элдик түз инвестициялардын түшүүсүн жогорулатуунун бирден-бир чарасы катары инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик органдын ролун жогорулатуу эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги инвестиция, экспорт, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине түздөн-түз отчет берет.

Кайрадан түзүлгөн Агенттиктин негизги функциясы катары инвестициялык долбоорлордун бардык баскычтарында: демилгелөөдөн тартып, аны ишке киргизүүгө дейре коштоп жүрүү эсептелет. Агенттик макамынын жогорулатылышы Кыргыз Республикасынын рыногуна чет элдик инвестордун кирүү процессин жеңилдетип, инвестдолбоорлорду ишке ашырууда бюрократиялык тоскоолдуктарды өз учурунда четтетүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңы агенттиктин иши Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана аны алга жылдыруу, коргоо, атамекендик ишканалардын товарларын тышкы рынокторго чыгарууга көмөктөшүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн  жагымдуу шарттарды түзүүгө жана анын механизмдерин өнүктүрүүгө, эркин экономикалык аймактарды иштетүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашырууга багытталат.

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги эки тарап үчүн пайдалуу максатта инвесторлордун эркин финансылык каражатын атамекендик экономикага салууга көмөктөшүү аркылуу инвестор жана мамлекет ортосундагы кайтарма байланышты камсыздаган натыйжалуу механизм болуусу өтө маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигин кайрадан түзүү чечими менен катар Агенттик тууралуу Жобо бекитилип, анын штаттык саны аныкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: