Menu

Маркумдан жер аяган замана

Бөлүшүү:

Коомубуздагы диний радикализм жогорку чегине жетип, адамдардын аң-сезимин ууландырып, маңкурт кылып койгондугу өткөн жумада эки окуядан даана байкалды. Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйөө менен 70 жашка келип көз жумган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, эки ирет мүрзөдөн чыгарып салышып, акыры туугандары башка жерден жай табышты.

Ушундай эле көрүнүш Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында да болду. Анда христианчылыктын баптист багытын карманып келген 60 жаштагы аялдын сөөгүн жерге берүүдө айыл тургундары анын сөөгүн жергиликтүү мусулмандардын мүрзөсүнө көмүүгө каршы болушту. Акыры айласы кеткен маркумдун туугандары көрүстөндөн 500 метр алыс жерге көмүшкөн. Мындай окуя мурда Жети-Өгүздө, Оргочор айылында, Ак-Кочкор айылында, Ак-Сууда, Түп, Ысык-Көл районундорунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында да болгон экен. Ал тургай айыл эли барып казып салган, маркум көмүлгөн жердин үстүнө итти көмүп салган учурлар катталыптыр. Бири-бирибиздин өлүгүбүзгө чейин кордоп, деги “Кагылайын калкым, кайда баратабыз!?”

Булак: “Майдан. Kg” гезити

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: