Menu

Акылбек Жапаров: Чогулбай калган салык бирөөлөрдү байытууда, мамлекетке түшкөн жок

Бөлүшүү:

– Акылбек мырза, сиз кошумча нарк салыгын эң коррупциялашкан салык катары мүнөздөдүңүз. Эмне үчүн антип ойлойсуз?

– Мурун кошумча нарк салыгын (НДС) биздин чек арадан өтөрү менен бажыкана татынакай кылып алып турчу. Жакшыбы-жаманбы, Россия, Казакстан, Белоруссиядан келген товарлардын баарынан тең НДС алуунун жакшы системасы бар эле. Бүгүнкү күндө биз ЕАЭБдин алкагына киргенден кийин чек ара бөгөттөрү алынганына байланыштуу төлөмдөрдү салык инспекциясы алышы керек эле. Тилекке каршы, салык инспекциясы НДСтин эсебин, анын алуу тартибин, чогултуу механизмин ордуна келтире албай койду. Эң коррупциялашкан салык болуп калды дегеним, өзүңүздөр көрүп аткаңдай, «бюджеттен миллиард-миллиард акчалар жоголду» деп УКМКда чоң иштер каралып жатат. Демек, салыктын түпкүлүгүн биз өзүбүз карап чыгышыбыз керек. Мен жакында анализдеп көрдүм да. Мына, Россия, Казакстан, Белоруссиядан 4,5 миллиард долларга товар кирген экен. «40 пайыздан 70 пайызга чейин көмүскө экономика» деп атабыз, ушунун баарын кошкондо 50 миллиард сомго жакын салык чогултуп алмак экенбиз. А биз 32 эле миллиард чогултук. Конституция боюнча биздин бир милдетибиз бар – салык төлөө. «Кыргыздын жаранымын» десең, салыкты төлөшүң керек. Мына ушуну жөнгө сала албай жатабыз. Азыр теория боюна 19 миллиард сом салык чогулбай жатат. Бул бирөөлөрдү байытып атат, мамлекетти байыткан жери жок. Бир чети өкмөттүн механизмдери так аныкталбагандыктан, салык инспекциясы реформаланбагандыктан ушундай болсо, экинчи чети, ишкерлер атайын төлөбөй коёт. Ислам дини боюнча деле кырк коюң болсо бирин беришиң керек. Мунун менен эмнени айткым келет? Биз кошумча нарк салыгынын түпкүлүгүн карап көрүп, эгер азыркы системасы Кыргызстандын кызыкчылгына жооп бербей турган болсо, анда биз анын ордуна бир гана айлануудан салык киргизип койгонубуз абзел. Мына, экономикада 2,5 пайыздан 3 пайызга чейин айлануудан салык чогултуп жатабыз. Ошондуктан, мен бир эле ушундай салык киргизип коюну сунуштайт элем. Анда баары ачык болуп калат эле. Баарына түшүнүктүү, эч ким эч жакка кача албайт. Ар бир жылдын бюджетинин отчетун карагандан кийин биз сабак алышыбыз керек. Биз кичинекей элбиз, кичинекей мамлекетпиз. Соттолуп, түрмөгө түшкөндөрдү карасаңар 90 пайыз кыргыздар, укук коргоо органдарында иштегендердин да көпчүлүгү кыргыздар. Мен таңкала берем, башка улуттун өкүлдөрүнүн баары бизнес кылып жүрөт, көбү салык төлөбөйт, же жакшы төлөшпөйт, бирок, алар жөнүндө эч жерде сөз чыкпайт.

Анан ушунтип эле бири-бирибизди камап, жок кылып, чукулап, жамандап эле өзүбүздү басмырлап баратабыз. Ошон үчүн укук коргоо органдарына да айтып атам, кайсы бир мыйзам туура эмес болуп, ошол туура эместигинен мыйзам бузуулар болуп жатса, анда силер сунуш бербейсиңерби? Биз да мыйзамдарды оңдошубуз керек да. Биздеги эң бир тацкалычтуу тенденция -укук коргоо органдарына акчаны канчалык көп берсек, уурулар, бандиттер ошончолук көбөйөт. Андай болбошу керек да.

– Сиздин сөзүңүзгө караганда, 2017-жылы 7 миллиард сом салык чогулбай калыптыр. Бул Бишкек шаарынын бир жылдык бюджети менен тең экен…

– «2017-жылдын бюджетинин аткарылышын биз экиге бөлөлү» деп атам. Анткени, биз салыктан 124 миллиард сом киреше алмакпыз. Бул бюджетти Сооронбай Шарипович премьер болуп турган кезде даярдаган. 120 депутат менен бирден, бюджетти түшүнгөн кишилер менен бери дегенде бештен жолу жолугуп отуруп так бюджетти жазып берген. «124 миллиард сомду чогулталы, эгерде мындан көбүрөөк киреше болуп калса, анда өлкөнүн резервин түзөлү, 124 миллиард сомдон ашкан акчанын баарын резервге коёлу» деген. Ушул ыкманы коргоп кеткендин ордуна андан кийинки келген премьер эмне кылып атат? Ноябрь айында келип алып, «мен дагы 14 миллиард табам» дейт. Мен комитетте айттым, «жылдын бүтөрүнө эки эле ай калды, 14 миллиардды каяктан табасыңар? Планыңарды аткара албайсыңар, элдин баарын кыйнап, анан бюджет толбой калса баарыңыздар мыйзам алдында жооп бересиздер» десем укпай коюшкан. Анан мына, 2017-жылдын аягында 7 миллиард сом келбей калды. Эми ушуга бирөө жооп бериш керек да. Жети миллиард деген бул эбегейсиз чоң акча да! 2005-2006-2007-2008-жылдардын бюджетин карасаңыздар, бизде дефицит деген нерсе болгон эмес. Канча кирешебиз болсо, ошончо чыгаша кылганды үйрөнүп алганбыз. Көбүрөөк салык чогулуп калса, алардын баары элдин керегине жумшалчу. А 2017-жылы эмне болду? Кирешенин так аныкталган булактары жок болсо да жанагынтип көтөрүштү. «Акчаны табабыз» дешти. Парламент баш ийкеп, кол көтөрүп берди. Себеби, кичине баш көтөргөндүн баарына кылмыш ишин козгоп салып, парламент такыр унчукпай калган да. Алардын ичинде мага да козгошкон. Анан булар тентектик кылышты. Мына, өзүңүздөр көрдүңүздор, тарых музейин. Ошондон пайда болду да. Киреше жок, акча жок. Белок министрликтер менен ведомстволордун акчаларынын баарын кыркып, бүт баарын музейге жиберишти. Биздин аталарыбыз коюп кеткен мрамор, граниттердин баарын жок кылып, каяктагы кафелдерди коюп чыгышты.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: