Menu

Тоо кендерин иштетүү тармагында 18 миңден ашуун жумушчу иштейт

Бөлүшүү:

Учурда тоо кендерин иштетүү тармагында 18 миңден ашуун жумушчу эмгектенет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков геология тармагынын ардагерлерин жана кызматкерлерин геология кызматынын түзүлүшүнүн 80 жылдык майрамына карата айткан куттуктоосунда белгиледи.

Жээнбеков айрыкча республиканын региондорун өнүктүрүү багыты геология тармагы менен түздөн-түз байланышта экенин айтат.

«Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык жакын арада тоо-кен казып алууда натыйжалуу өсүшкө жетишүү максатында айлана чөйрөгө чектелүү таасир тийгизген тоо кен казуудагы заманбап технологияларды ишке киргизүү милдети турат. Ошондон улам жер казынасын пайдалануу жана геологиялык чалгындоо иштери тармагындагы адистерди даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү колдоого алуу — өтө маанилүү милдеттерге кирет.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: