Миңге жакын түркмөн студенти Тажикстанга окууга бара албай жатат. 28-августтан тарта Түркмөнстан чек ара кызматы Душанбе жогорку окуу жайларына тапшыргандарды чек арадан өткөргөн жок.
“Менин агам быйыл Тажикстан медициналык университетине тапшырган. Ал Өзбекстан аймагы аркылуу үч жолу Тажикстанга барууга аракет кылган, бирок түркмөн чек арачылары агамдын Душанбеге барарын билген соң, аны артка кайтарышкан. Документтери жайында, 100 долларга өзбек визасын алган. Бирок агама чек ара өткөрмө бекетинде ал Тажикстандан башка каалаган өлкөгө чыгып кете аларын айтышкан”, – деди түркмөнстандык жашоочу.
Тажикстан медициналык университетинин эл аралык бөлүмү келишим түрүндө окууга өткөн түркмөнстандык ондогон студент сабакка келбегенин тастыктады. “Мүмкүн алардын виза боюнча көйгөйлөрү бардыр. Себептерин билбейбиз”, – деди бөлүм кызматкерлеринин бири.
Бул арада Тажик педогогикалык университети түркмөнстандык студенттердин баары Душанбеге келип, окуп жатышканын билдирди. Бул жогорку окуу жайда эки миңдей түркмөн улан-кыздары билим алууда. Окуу акысы арзан болгондуктан, түркмөн студенттери Тажикстанга артыкчылык беришет. Тажик педогогикалык университетинде түркмөн студенттери англис, орус тил жана химия факультеттеринде билим алышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ